НОМИНАЛИЗМ

НОМИНАЛИЗМ (лат. nominalis — ысымга, аталышка тиешеси бар) — универсалийлердин онтологиялык статусун четке каккан ж-а аларды ой жүгүртүүнүн абстрактуу, субъективдүү формалары же аталыш катары гана караган философиялык позиция. Каалагандай терминдин денотаты (лат. denotatus — нерселерди аталыштар же белгилер м-н белгилөө) жеке гана мүнөздө болушу мүмкүн. Н. жалпы түшүнүктөргө каршы чыгуу м-н жеке, конкреттүү, сезим м-н таанып билүүгө мүмкүн болгон нерселер гана чын жашайт деп ырастаган. Орто кылымдагы Н. реализмге каршы чыгуу м-н Платондун жалпы түшүнүктөрдүн чындыгы тууралуу окуусуна каршы багытталган киниктер м-н стоиктердин философиясын кайрадан жараткан. Н. түшүнүгү схоластиканын өнүгүшүнүн алгачкы этаптарында пайда болгон. Бул учурда Иоанн Росцеллин антикалык мезгилдеги Н. проблемасын көтөрүп чыгып, христиандык философиядагы мелүүн материализм м- н эмпиризмге чыйыр салган. Ал 1092-жылы өз идеялары үчүн Суассон шаарында болуп өткөн чиркөө Соборунда соттолгон. Н-тик идеялардын нукура философиялык ж-а диний негиздери У. Оккам тарабынан сунуш кылынган. Акыр аягында Оккам негиздеген Н-дин багыты схоластикадагы өзөктүү позицияны ээлеп, 15-к-да болуп көрбөгөндөй дүркүрөп өнүккөн. Н. эмпиризмдин негизи болуп саналат. Бүгүнкү күндөгү феномонология ж-а онтология Н. окуусун четке кагат.