НООСФЕРА

НООСФЕРА (гр. noos — акыл-эс, sphaira — шар) — биосферанын мыйзамдарын таанууга, билүүгө ылайык адамдардын акыл-эстүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында өзгөртүлүп түзүлгөн жер планетасынын сырткы катмары. Алгачкы жолу Н. түшүнүгү француз математиги Э. Леруа тарабынан сунуш кылынган. Ал Н. деп адамдардын ой жүгүртүү ишмердүүлүгүн, анын натыйжаларын адам коомунда пайдаланууну, аларды топтоону ж-а муундан муунга өткөрүп берүүнү түшүнгөн. Кийинчерээк Н-нын ушуга окшош түшүнүгү француз палеонтологу ж-а дин кызматкери П. Тейяр де Шарден тарабынан өнүктүрүлүп, ал Н. деп планетанын уламдан улам кеңейип бара жаткан ж-а акыр аягында өз маңызынын Омега белгиси деп аталган кандайдыр бир бийик чегине жакындаган ой жүгүрткөн катмарын атаган. Ошентип, Тейяр де Шардендин пикири боюнча космостук эволюциянын жүрүшүндө акыл-эс кудай тарабынан алдын ала аныкталган бийик чекке уламдан улам жакындодо. В. И. Вернадский Н. түшүнүгүн кабыл алган, бирок, ага терең маани берген. Ал Н. деп ойлордун, идеялардын ж-а билимдердин жыйындысын гана эмес, биосферанын өзүн өзү жөнгө салуу мыйзамдарына ылайык келген адамдардын эмгек ишмердүүлүгүнүн негизи болуп саналган табигый процесстерди өзгөртүп түзүү боюнча материалдык натыйжаларды түшүнгөн. Вернадскийдин теориялык конструкциясында Н. биосфера теориясынын органикалык уландысы болуп саналат. Турмуш-тиричилик процессинде организмдер өз тиричилигинин чөйрөсүн, биосфераны кандай жаратышса, адамдар да жандуу табияттын бир бөлүгү болуп эсептелүү м-н планетанын жаңы геологиялык катмары болуп саналган Н-ны ошондой эле пайда кылышат. Мында биосфера адамдар тарабынан түзүлгөн Н-нын өнүгүшү үчүн негиз болуп саналат. Ошентип, Вернадский планетанын өнүгүшүндөгү адамзаттын геологиялык ролу жөнүндө жазган. Биосферанын табигый мыйзамдары м-н өзгөчө түзүлүшүн Вернадский Н-ны жаратуунун эң маанилүү объективдүү шарттары катары караган. Мындай шарттарга ал биосферага ылайык келе турган техниканын, транспорттун өзгөчө абалын, дүйнө элдеринин экономикалык өз ара мамилесин ж-а учурдагы маалымат каражаттарынын деңгээлиндеги маалымат алмашуу процессинин динамикасын киргизген. Булардын баары элдердин бирдиктүү глобалдуу коомго биригүүсүнө көмөк берген факторлор болуп саналышат. Бирок, дүйнөлүк коомго биригүү процессине планетанын уламдан улам азайып бара жаткан жаратылыш ресурстары үчүн күрөштүн негизинде пайда болгон социалдык-саясий бөлүнүп-жарылуу процесстери каршы турат. Вернадский планетадагы жашоону сактап калуу үчүн аталган терс тенденцияларды туура жагына чечүүнүн маанисин баса белгилеген. Ал илим м-н техниканын өнүгүшүнүн шарттарында адамзат бир бүтүн нерсе катары гана аман калат деп эсептеген. Цивилизацияны ж-а табигый чөйрөнү сактап калууга көмөк берген Н-ны түзүү бардык адамдардын жалпы милдети болуп калышы керек. Ошентип, Н-нын түзүлүшү глобалдуу экологиялык кризисти жеңүүнүн ж-а коом м-н табияттын өз ара мамилсин гармониялаштыруунун негизги ыкмасы болуп саналат. Өз учурунда биосфера стихиялуу пайда болсо, Н-ны түзүүнүн шарты болуп табият ж-а коом тууралуу илимий билимдер м-н маданияттын өнүгүшүнүн гумандуу традицияларын системалуу пайдаланууга таянган адамдардын аң-сезимдүү ишмердүүлүгү эсептелет. Глобалдуу системанын стихиялуу социотабигый өнүгүшүнүн ордуна илимий негизде ж-а пландуу программаланган өнүгүүсү келет. Мындай өнүгүүнүн программасы ж-а натыйжасы болуп Н. эсептелет.