НОРМА

НОРМА (лат. norma — жетекчилик, эреже, үлгү) — мыйзамдуу түзүлүш, милдеттүү деп табылган тартип. 1) жүрүм-турумдун же иш-аракеттин алдын ала аныкталган эрежеси же үлгүсү, бир нерсе тууралуу тыянактын ченеми ж-а баа ченеми. Табиятта же коомдо бар ж-а болуп жаткан нерселерди чагылдырган мыйзамдан, о. эле аткарылуучу же аткарылбочу эрежелерден айырмаланып, Н. бардык учурларда ж-а бардык нерселерде кездешүүчү касиет болуп саналат. Адеп-ахлактык, эстетикалык ж-а логикалык Н-лар болот. Ошол себептен, этиканы, эстетиканы ж-а логиканы Н-тивдик мүнөздөгү философиялык илимдерге киргизишет. 2) Бир нерсенин бекитилген ченеми, орточо чоңдугу (мис., убакыт Н-сы, өндүрүлгөн продукция Н-сы). 3) полиграфияда — басма табактын биринчи бетинин сол жактагы төмөнкү бурчунда жайгашкан маалыматтардын жыйындысы (типографиялык запастын номери, басманын аталышынын же китептин авторунун фамилиясынын кыскартылган формасы).