НОРМАЛДУУ ИЛИМ

НОРМАЛДУУ ИЛИМ (Нормальная наука) — Т. Кундун «Илимий революциялардын структурасы» аттуу китебиндеги илимий коомчулукта парадигма деп аталган кандайдыр бир нормага ылайык ишмердүүлүгүн белгилеген негизги терминдердин бири. Н. и-дин табиятын ар түрдүү концептуалдык, инструменталдык ж-а математикалык маселелер м-н баш катырмаларды берү ж-а чечүү түзөт. Парадигма проблеманы тандоону да, кабыл алынган чечимдердин мүнөзүн да өтө так мүнөздө жөнгө салат. Кундун пикири боюнча Н. и-дин чыгармачыл өңүтү өтө так парадигмалар м-н чектелген. Парадигмалардын концептуалдык негиздери мындай чектөөлөргө баш ийбейт да, билимдердин теориялык мазмунунун сапатын эмес, алардын санынын өсүшүн гана шарттайт. Ошондуктан Кун Н. и-ди «жогорку деңгээдеги кумулятивдик түшүнүк» деп атаган. Парадигма чечимге ээ проблемаларды тандоо үчүн критерийди камсыз кылгандыктан, Н.и. парадигмадан «сырткары» тажрыйбанын негизинде алынган билимдерди четке кагат. Ошондой болсо да Н. и-де парадигмалардын туруктуулугун бузган ж-а аларды кризиске учураткан «аномалдуу фактылар» да болот. Бул фактылар кандай жол м-н парадигмага таасир этээри анык эмес. Ошондуктан мындай фактылардын болушу Н. и-дин өтө так кумулятивдик мүнөзү тууралуу маселеден күмөн саноону пайда кылат. Н. и. түшүнүгү батышта кеңири тараган илимдин философиясы деп аталган агым тарабынан катуу сынга алынган. НОУМЕН (гр. noumenon) — феноменге каршы келген акылдын жардамы аркасында маңызды түшүндүргөн термин. Н. түшүнүгү алгачкы жолу Платон тарабынан «Тимей» деп аталган диалогдо пайдаланылган. Автор Н. деп өз алдынча жашаган реалдуулукту ж-а акылга негизделген билимдин предметин түшүнгөн. И. Канттын эмгектеринде Н. эки мааниде каралат. Терс проблематикалуу түшүнүк катары Н. акыл-эс (рассудок) м-н интеллектуалдык интуициянын предмети болуп саналат («Таза акыл-эске сын») — «Критика чистого разума», «Тажрыйбалык акыл эске сын» («Критика практического разума») аттуу чыгармада Кант сезимден сырткары пайда болгон түшүнүк-төрдүн предмети катары Н. оң маанидеги түшүнүккө айланарынын мүмкүнчүлүгүн белгилеген. Мындай маанидеги тааным адамга мүнөздүү эмес. Анткени Канттын пикири боюнча адамдын билимдери сезимдик гана кабыл алууларга негизделет. Н-дин аталган эки мааниси тең Канттын окуусундагы таанып билүүгө мүмкүн болбогон «вещь в себе» деп аталган түшүнүктү чагылдырышат.