НУСКАМА

Ар кандай ишти уюштуруу, баштоо, натыйжалуу аткарууну камсыз кылуу
боюнча көрсөтмө берүү, иш тартибин аныктоо максатында жазылган укуктук акт нускама болот. Нускамадагы эрежелердин туура аткарылышы иштин жүрүшүнө оң таасирин тийгизет. Ал бийлик органдары тарабынан даярдалып, мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин тиешелүү тармактарда, күндөлүк турмушта, иш жүзүндө колдонууга жана аткарууга алынат. Бул документте аткарууга тийиш болгон бардык маселелер камтылуусу тийиш. Нускама адистер тарабынан түзүлөт жана Өкмөттүн, министрликтин, мекемелердин коллегиялуу чечимдеринин негизинде атайын токтом менен бекитилет.
Ар бир мекеме өзүнүн багытына ылайык зарыл нускамаларды иштеп чыгууга
жана өзүнүн өндүрүштүк иш-аракетинде пайдаланууга укуктуу. Мындай нускама жетекчилик менен жамааттын биргелешкен жалпы чогулушунда талкууланып, бекитилет. Ошол күндөн тартып бул документ укуктук күчүнө кирип, коюлган талаптар, иштин жүрүш темпи, аларды аткаруудагы жалпы көрсөтмөлөрү ар бир кызматчы тарабынан толук аткарууга милдеттүү катары эсептелет.

 

ҮЛГҮ:

 

Чүй областынын Автобазанын
Кара-Балта шаарынын 2010-жылдын 3-мартында
жүргүнчүлөрдү ташуучу өткөрүлгөн жалпы чогулушунда
№ 31 автобазасы № 5 токтому менен
БЕКИТИЛДИ
№ 31 автобазанын
автоунааларын пайдалануу жөнүндө

НУСКАМА

Автобазага тийиштүү автоунааларды үнөмдүү жана эффективдүү пайдалануу
максатында төмөнкү иш-чаралар толук аткарылууга тийиш:
1. Автобазанын диспетчери жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалардын жолдомосун иш күнү башталардан мурда ар бир машинага өзүнчө жазып, ар бир айдоочуга каттоо журналына кол койдуруп тапшырат.
2. Жолдомону бир адам башкага берип, ордуна жөнөтүүгө болбойт.
3. Майлоочу жана күйүүчү майлар автобазанын бухгалтери тарабынан норма
боюнча бөлүнгөн лимитке ылайыктуу бөлүнөт.
4. Иш күнүнүн аягында жолдомо диспетчерге өткөрүлөт. Кайсы бир себептерге байланыштуу сарпталбай калган күйүүчү май болсо, же тескерисинче, өз
чөнтөгүнөн май куюуга туура келсе, жолдомого жазылышы керек.
5. Ар бир айдагы каттамдын саны эсептелинип, журналга жазылат жана ошого
ылайык эмгек акы төлөнөт.