ОБСТРУКЦИЯ

ОБСТРУКЦИЯ (оbstructio лат. тоскоолдук) – каршылыктын түрү, көпчүлүктүн каршылык көрсөтүүсү, негизинен  парламенттеги айрым бир көрүлө турган чаралардын бир нерсени көздөгөн жарылуусу. Парламенттик О. кандайдыр бир  депутаттардын (фракциялардын, топтордун) бирикмеси. Парламенттик процедурада (пленардык заседаниеде бул же  тигил суроолор боюнча жарыш сөздөр, бир депутаттын сүйлөгөн сөзү) каралып, бир же бир канча көрүлө турган  чаралардын нормалдуу өтүшүнө тоскоол кылуу. Депутаттардын бирикмеси муну менен өздөрүнүн терс мамилелерин  көрсөткөлөрү келет. Парламенттик О-лардын методдору ар түрдүү болушу мүмкүн: ызы-чуунун түзүлү-шү, чогулуш  заседаниесиндеги баш-аламандык, уюштурулбагандыктын болушу, каралып жаткан суроонун чегинен чыгып кеткен  узун сүйлөм-дөрдү айтуу, кандайдыр бир нерсенин жарылышына каршы туруу, тоскоол кылуу ниетинде багытталган  башка демонстративдик иштердин болушу. Мындай иштер башка сферада да болушу мүмкүн. О-га катышкан адам –  обструкционист деп аталат.