ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ

ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ — ой, сүйлөмдү баяндоо формасында билдирүү кайсы бир объектиде бекемделет жана объективдүү же калп же чындык болот. Мис., О. ж. «Бардык планеталар күндүн тегерегинде айланат» «Эгерде сан 10го бөлүнсө, анда ал 5 ке да бөлүнөт». Асанов экзаменди «эң жакшы» баага тапшырат. Ой жүгүртүүнүн биринчи экөөсү чындык. Үчүнчүсү балким жалган болуп чыгат (эгерде Асанов «эң жакшы» баага тапшырбаганы билинип калса). Божомолдоп ойду айткан адам чындыкты айтышы мүмкүн. 2. тигил же бул маселени чечүүгө байланыштуу түшүнүктөр, ой жүгүртүү, теория аркылуу жалпылоо ж-а таануунун объективдүү дүйнөнү чагылдыруунун активдүү процесси, өзгөчө жол м-н уюмдаштырылган мээнин жогорку

жемиши. Ойлоонун материалдык физиологиялык механизмин жогорку нерв ишмердигинин физиологиясы изилдейт. Бирок ойлоо, мээ м-н ажырагыс байланышта болуу м-н физиологиялык аппаратынын ишмердигин толук түшүндүрүүгө болбойт, ойлоо биологиялык эволюция м-н гана эмес коомдук өнүгүш м-н да байланышкан. Ой адамдардын өндүрүштүк ишмердик процессинде келип чыгып, дүйнөнү чагылышын камсыз кылат. Ал келип чыгыш өзгөчөлүгү боюнча да, функция аткаруусу боюнча да, натыйжасы боюнча да коомдук табиятка ээ. Ойлоо проблемасы философия үчүн ойлоонун болмушка катышы — философиянын негизги маселеси м-н байланыштуу аныкталат. Ойлоо — бул муундан муунга берилген билимдер бирине- бири уланарын түшүндүрүп, аларды ойлоо м-н ажырагыс байланышкан тил каражаттары м-н белгилөө мүмкүнчүлүгүн билдирген тарыхый кубулуш. Айрым адамдын ойлоосу аркылуу бүткүл адамзаттын ойлорунун ар тараптуу өнүгүүгө ээ болот. Азыркы адамдын ойлоосу коомдук тарыхый процесстин жемиши.

Адамзат коомунун өнүгүшүндө материалдык өндүрүштөн рухий өндүрүш бөлүнүп, натыйжада теориялык ишмердик ойлоо адамдын тажрыйбалык ишмердигинен көз карандысыз ж-а салыштырмалуу өз алдынча ишмердикке айланган. Таанып билүүнүн тарыхый процессинде калыптанган билим категориялар м-н сакталгандыктан ойлоо категориалдуу мүнөзгө ээ. Объективдүү дүйнөнү түшүнүү ойломдун формалары — түшүнүк, ой-чабыт, акыл-корутунду аркылуу сакталат. Таануунун өнүгүшү м-н ойдун структурасы өркүндөйт, ал объективдүү чындыкка жетүү процессин чагылдырган жаңы категориялар м-н байыйт. (кара, Аң-сезим, идеалдуу, — таануу теориясын кара.)