ОКШОШТУК БОЮНЧА ДАЛИЛ

ОКШОШТУК БОЮНЧА  ДАЛИЛ (доказательство по аналогии) — эки буюмдагы кандайдыр бир белгилер боюнча окшоштукту алардагы башка окшоштук белгилердин негизинде аныктаган далил. Окшоштук б-ча далилдин схемасы төмөнкүдөй: изилденип жаткан буюмдун, балким, дагы бир Х белгиси болушу мүмкүн, анткени, анын башка белгилери Х белгиси да бар башка буюмдун калган башка белгилерине окшош. Бирок, окшоштук б-ча далилдөө жүргүзүп жатканда андан алынган корутунду болжолдуу гана билим экендигин эстетүү керек. Окшоштук буюмдагы али ачыла элек белгилерди боолголоого гана багыттайт. Бирок, ошол боолголоо окшоштук толук дал келгенде белгилүү бир далилдөөчү күчкө ээ болот.