ОППОЗИЦИЯ

ОППОЗИЦИЯ (лат. оppositio – карама-каршы коюу) – түшүнүк катары эки мааниде колдонулат: I). жашоодогу  болгондорго каршы туруу, нааразычылык билдирүү, б. а. социалдык мамиле; 2). Индивиддин, топтун, уюмдун же  партиянын саясатка, конституцияга, өкмөткө же жалпысынан саясий системага каршы мамиле кылышы. Саясий илимде  О. термини парламентаризмдин бүгүнкү күндөгү институттарынын бирөөсүн мүнөздөө үчүн колдонулат. О-нын болуусу  ой-пикирлердин эркиндигин, массалык маалымдоо каражаттарынын көз карандысыздыгын белгилейт.  Парламентаризмдин теория жана практикасында О. бул өкмөткө катышпаган саясий партия. Көбүнчө алар парламенттик  азчылыкты көрсөтүшөт. О-нын функциялары – өкмөттүн жана өкмөттүк мекемелердин ишмердүүлүгүн сынга алуу жана  көзөмөлдөө, алардын саясий жолуна альтернативдерди табуу жана иштеп чыгуу, ишенбөөчүлүк чечими аркылуу  өкмөттүн кызматтан четтелишин талап кылуу, парламенттик жана өкмөттүк кризистерди, жаңы шайлоолорду  өткөрүүнүн демилгечиси болуп чыгуу кирет.

Парламенттик тартиптин чегинде О-га берилген функциялардын күчү  менен алар белгилүү азчылыктын укуктарынан пайдалана алышат. Бийликтин алмашышы, анын парламенттик  көпчүлүктүн парламенттик азчылыкка, өкмөттүн О-га өтүшү, саясий системанын негизи, негизги социалдык – саясий  суроолор боюнча ой пикирлердин биимдиктүүлүгүн көрсөтөт. Бирок парламентардык системанын чегинде оңчул жана  солчул оппозициячыл топтор да болот. Алардын теоретикалык жана практикалык багыттары берилген коомдун саясий  системасынын өкүм сөрүүсүнүн тууралыгын көмөнгө чыгарат. Көптөгөн партиялардын саясий программаларынын  идеологиядан арылышы, парламенттик чечимдерди кабыл албоо маселелери боюнча компромисске келишүү  тенденциялары кездешкен жерлерде жаңы массалык саясий бирикмелердин, кыймылдардын, партиялардын пайда  болушуна өбөлгөлөр түзүлөт. Алар болсо парламенттен тышкары О-ны (граждандык кыймылдардын түрү боюнча ж. б.)  түзө алышат.