ОРМОН ХАН

ОРМОН хан Ныязбек уулу (1791–1854) – 19-кылымдын ортосунда кыргыз урууларын бириктирип, кыргыз  мамлекеттүүлүгүн түзүүгө аракеттенген саясий ишмер. 18 жашынан согуштук жүрүштөргө катышкан. Ормон хандын  өмүрү өтө татаал тарыхый кырдаалга – кыргыз урууларынын өз ара чыр-чатактары ырбаган, курчуган учурга туш келди.  Отуз жашынан эл башкарууга аралаша баштаган. Анын атак- даңкы артып, кыргыз урууларынын, атүгүл казактардын  арасында дагы таасири күчөйт. Анжиян, Алай, Ферганадагы, аркалык кыргыз урууларынын билармандары Ормон хан  менен алака кылып турушкан. Боронбай кудасы болгон. Жангарач, Ажыбек баатыр (Атбашылык). Медет датка, Ажыбек  датка (Таластык) ж. б. инсандар менен жакшы мамиледе болууга умтулган. Ормон кыргыз урууларын бириктирүүгө көп  күч жумшаган. Көздөгөн максатына жетиш үчүн 1830 –31-ж. О. солто, сарбагыш, бугу, саяк, черик ж. б. уруулардын  өкүлдөрүн, Кокон ханынын элчилерин «Жер ортосу» аталган Ортотокойдо атайын жыйынга чакырып хан көтөрүлгөн.  1842-, 1843-, 1851-ж. Ысыккөлдөгү, Курткадагы, Чүйдөгү Кокон чептерин талкалатып, Кокон бийлигине оор сокку  урган. Ал хандык бийликти бекемдөө максатында тартипти караган мыйзамдарды чыгарган. Булар «Ормон окуу» деген  ат менен белгилүү. О. х-дын тушунда бийликтин атрибуттары – хандык белги (кызыл түстөгү баш кийим – тебетей), туу,  мөөр, башкаруу жана аскердик уюмдар, жазалоо (айып салуу, орго салуу, дарга асуу) ж. б. уюштурулган. 1847-ж.  Кенесары баштаган казактын кошууну кыргыздарды басып алуу үчүн жортуулга чыгат. Аларга каршы чыккан кыргыз  кошуундарына башчылык кылуу милдети О. х-га тапшырылган.

Кармаш башталар алдында О. х. күндүз жигиттерине  таңгакталган тал, чычырканактарды сүйрөтүп, тиги тоонун, бул тоонун бетин чаңдаттыра берет. Түнүндө алоолонтуп от  жактырып, түмөндөгөн кол топтогондой түр көрсөтүп, жоонун үшүн алган. Ормондун мындай аскердик айла-амалы эл  ичинде «Ормон опуза» деп айтылып калган. Бул жеңишти О. х. өз бийлигин чыңдоо үчүн пайдаланган. Бирок ал  канчалык аракет кылганы менен кыргыз урууларын саясий жактан толук бириктире алган эмес.