ОРОЗБЕКОВ Абдыкадыр

ОРОЗБЕКОВ Абдыкадыр (1889, Фергана обл., Маргалаң уезди Охна кыштагы – 1938, Фрунзе) – советтик-партиялык  ишмер. Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу ж-а бекемдөө үчүн күрөшкөн. 1918-жылдан ВКП (б)нын мүчөсү. О.  Граждандык согушка катышып, катардагы жоокерден отряд командирине ж-а саясий жетекчиге чейин көтөрүлгөн. 1920-  ж. Кызыл Туу ордени м-н сыйланган. 1920–23-ж. айылдын, болуштун, райондун революциячыл комитеттерин  башкарган. 1924–25-ж. Ош округдук эмгекчилер советинин жер бөлүмүнүн башчысы, секретары. О. Кыргыз обл.  Жумушчу дыйкан ж-а солдат советтеринин уюштуруу съездине делегат (1925) болуп, анда Кыргыз обл. аткомунун  председателдигине шайланган. О. 1926–36-ж. Кыргыз АССР БАКтын председатели. КПССтин 15–17 ж-а Советтердин  бүткүл россиялык 6–8-съезддеринин делегаты. Анын ысымы м-н кыштак ж-а Фрунзе ш-ндагы көчө аталган.