ОРТО АЗИЯНЫ УЛУТТУК МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮКТӨРГӨ БӨЛҮҮ. КАРА КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛАСТЫНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ

Орто Азияда контрреволюциячыл күчтөр, өзгөчө басмачылардын кыймылы басылгандан кийнн гана бул региондо жашаган элдерди улуттук-мамлекеттерге бөлүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Буга чейин Түркстан Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасында өзбек, түркмөн, кыргыз бөлүмдөрү иштешип, улуттук мамлекеттүүлүктөрдү түзүү үчүн анда жашаган элдердин этнографиялык курамын, экономикалык жана географиялык чектерин такташкан. Түркстандын улут иштери боюнча областтык, уезддик бөлүмдөрүндө бул аймакта жашаган элдердин өкүлдөрү иштешкен. 1922-ж. 30-декабрда Советтердин Бүткүл Россиялык I съезди РСФСР, Украина, Белоруссия жана Закавказье федерациясын бириктирип, Советтик Социалисттик Республикалар Союзун (СССР) жарыялаган. Ошентип улуттук республикалардын кызматташтыгынын жаңы формасы пайда болгон.

РСФСРдин Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитети 1924-ж. 14-октябрда Бухара, Хива республикаларынын, Түркстан АССРнин элдеринин эркине ылайык «Орто Азия элдерин улуттук мамлекеттерге бөлуу жөнүндө» токтом кабыл алган. Ошентип, революцияга чейин эле бытырап бөлүнгөн кыргыз, өзбек, тажик, түркмөн, казак жана каракалпак жерлери кайрадан бириктирилген.

Натыйжада Түркмөн ССРи, Өзбек ССРи, Тажик Автономиялуу областы, РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз Автономиялуу областы, Казак АССРинин курамында Кара-Калпак автономиялуу областы түзүлгөн. Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын РСФСРдин курамына өтүшү жөнүндөгү маселе зор кыйынчылык менен чечилген. Анткени Р. Кудайкулов башында турган топ Кыргызстанды Казак ССРинин кырамына киргизүү үчүн күрөшкөн. Жаңыдан түзүлгөн республикалар менен областтардын чектерин тактоо менен катар эле, аларга мурда Түркстан АССРине, Бухара, Хорезм республикаларына караган капиталдык байлыктар фабрика, завод, айдоо аянттары, мал ж. б. байлыктар бөлүштүрүлүп берилген. Мамлекеттүүлүктөргө бөлүнүү менен Орто Азия элдеринин өз тагдырын өзү чечүү укугу кандайдыр бир денгээлде чечилген.

Кара-Кыргыз Автономиялуу областына мурдагы Түркстан АССРинен Жети-Суу областынын Каракол, Нарын, Бишкек уезддери дээрлик бүт бойдон, Ош уезди, Анжиян уездинин 10 болуштугу, Наманган уездинен 10 болуштук, Фергана областынын Кокон уездинен 2 болуштук, Сыр-Дарыя областынын Олуя-Ата уездинен (Талас участогу) 14 болуштук кирген.

Областтык статистика бюросунун маалыматы боюнча областтын калкы 828,3 миң адамды түзгөн. Анын 63,5 пайызы кыргыздар, 15,4 пайызы өзбектер, 16,8 пайызы орустар болгон. Бөлөк улуттар 4,3 процентти түзгөн. Автономиялуу областтын территориясы болжол менен 200 миң чарчы километрге жетип, областта 6 шаар, 321 айыл-кыштак жана 5 хутор болгон. Ошентип, кылымдар бою чачыранды болуп бөлунүп келген кыргыз эли автономия формасында болсо да, бирдиктуу улуттук мамлекетке бириктирилген. Бул кыргыз элинин тарыхындагы өзгөчө маанилүү окуя эле.

Кара-Кыргыз Автономиялуу областы түзүлгөндөн кийин Кыргызстанда партиялык жана советтик бийлик органдары уюштурулган. 1924-ж. 18-октябрда РКП(б) БКнын Саясий бюросу Кара-Кыргыз автономиялуу областынын Убактылуу партиялык бюросунун жана революциялык комитетинин курамын бекиткен. РКП(б) Кыргыз обкомунун партиялык бюросунун 1-секретарлыгына Михаил Камеиский, 2-секретары болуп Юсуп Абдрахманов дайындалган. Областын ревкомунун төрагалыгына Иманалы Айдарбеков бекиген.

1925-ж. 15-январда областтык ревкомдун кеңешмесинде Кара-Кыргыз Автономиялуу областынын түзүлгөндүгү жөнүндө Декларация кабыл алынып, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү салтанаттуу түрдө жарыяланган. Декларация жарыяланган 16-январь майрам күнү катары белгиленген.

1925-ж. 27—30-мартта Пишпекте автономиялуу областтын уюштуруу съезди өткөн. Советтердин Уюштуруу съезди Кыргыз автономиясынын аткаруучу органы Советтердин областтык аткаруу комитетин шайлаган, ага 51 адам кирген. 1925-ж. 31-мартта областтык аткаруу комитетинин биринчи пленумунда такай иштөөчү, 11 адамдан турган облаткомдун Президиуму шайланган. Анын төрагалыгына мурдагы батрак, кийин жумушчу болуп иштеген, Совет бийлиги учүн активдүү күрөшкен Абдыкадыр Орозбеков шайланган.

Жыйынтыктап айтканда, Советтердин уюштуруу съезди Кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу жолунда маанилүү роль ойногон.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор