ОСМОНААЛЫ Сыдык уулу

ОСМОНААЛЫ Сыдык уулу (1879–1942-ж.) – кыргыз тарыхчысы. Кочкор өрөөнүндөгү Абайылда болушунун  Кызылдөбө айылында туулган. Анын аталаш агасы Жаркынбай дубанга таанымал сабаттуу (молдо) болгон киши. О. да  өз айылындагы мектепте окуп, кийин Бухарадагы диний жогорку окуу жайын (медресени) бүтүргөн. Бир катар жылдары  Чүй өрөөнүндө мугалим болуп иштеген. Чыгыш Түркстанда каза болгон. 1913-ж. Уфа шаарында «Мухтасар тарых-и  кыргызийа» («Кыргыздардын кыскача тарыхы»), 1914-ж. «Тарих- и Кыргыз Шадманйая» («Шабдан элинин тарыхы»)  деген эмгектери басылып чыккан. Бул эки чыгарма тең бир китеп болуп 1986-ж. Үрүмчү шаарында араб ариби менен  кыргызча кайра жарыяланган.