ОХЛОКРАТИЯ

ОХЛОКРАТИЯ (Гр. Аристотель менен Платон изилдешкен. Грек мамлекет теориясында О.  абсурдга жеткен, чегинен чыккан демократиянын түрүн билдирген. Маңызы боюнча О. саясий бийликти иш жүзөгө  ашыруунун ыкмаларынын бири. Ал эч качан бийликтин өз алдынча түрү болгон эмес, бирок кризис абалындагы саясий  тартиптерди кошумчалап турган. О-нын пайда болушу менен саясий тартиптин, саясий системанын кризистик абалын,  бийликтин кризиске учурашын билдирет. О. негизинен өткөөл мезгилде, жашоонун бардык тармагы анын ичинде саясат  да терең кризиске учурап, тигил же бул өлкөгө оор мезгил түшкөндө кездешет. Ошону менен бирге О. эч качан  туруктуулук жана узактуулугу менен айырмаланбайт. Экономикалык жана социалдык өнүгүүдөн абалдын  нормалдаштарылышы менен О-нын объективдүү базасы тарыйт. Бирок анын рецедивдери коомдук турмуштун түрдүү  тармактарында, улуттук, диний жана тиричилик негиздеринде кездешүүсү мүмкүн.