ПАТРИОТИЗМ

ПАТРИОТИЗМ (гр. раtriotes – мекендеш < раtris – Атамекен) – Ата мекенди сүйүү жана ага берилгендикти  чагылдыруучу идея, сезим, иш-аракет. Мекенинин ички турмушунун бардык тармагында ийгиликке жетишүүсүнө, эл  аралык аренада кадыр-баркынын бекемделишине жана кубаттуулугунун өсүшүнө көмөк берет. П. кылымдар бою өзүнчө  мекендеген жерлерде жашоочу адамдардын кызыкчылыгынын биримдүүлүгү, өз элинин тарыхый өткөндөгүлөрүн  сыйлоо, жетишкендиктери менен сыймыктануу жана ата-бабаларынын жана замандаштарынын бактысыздыгына,  кырсыктарына, кетирген каталыктарына кайгыруу, жаңы прогрессивдүүлүккө жетүү үчүн активдүү ишмердүүлүк кирет.  Чыныгы П-дин милдеттүү жагы болуп башка элдерди, алардын тилин, маданиятын, тарыхын сыйлоо эсептелет. П.  улуттук нигилизм жана «квази-патриоттуулукту» эсепке албайт. Себеби алар өзүнүн улутунун артыкчылыгы тууралуу  улуттук көз караштарды жалпы адамзаттыкына, ата мекендикти – интернационалдуулукка каршы койгон көрсөтмөлөрдү  өзүнө камтыйт. Ошондой эле П. сепаратизм, улутчулдук, шовинизм менен эч айкалышпайт. Бул аномалиялардын  артында керт башынын кызыкчылыгын көздөшкөн, кызыкчылыктары тарыхый прогресстин тенденцияларына каршы  келген коомдук күчтөр турат. Патриоттуулук деп чыныгы элдик жашоонун тереңинен чыккан, берилген тарыхый  биримдүүлүктү түзүүчү реалдуу адамдардын жыргалчылыгы үчүн иштелип чыккан жана аракетке келтирилген саясат  айтылат. Азыркы жашоо коомдо жана мамлекетте демократтык реформа жүргүзүүнүн милдеттерин чечүү жана коомду  терең кризистен алып чыгуу боюнча бардык патриоттук күчтөрдүн бир элдик кыймылга биригүүсүн талап кылууда. Ал  улуттук каада-салтты кайра жаратып жана байытып, башка элдер жана өлкөлөр менен түрдүү карым-катнашты  бекемдөөгө жардам берет.