ПИКИР ЖАНА БИЛИМ

ПИКИР ЖАНА БИЛИМ байыркы гректердин таануу теориясынын категориялары болуп, айрыкча элей мектеби м-н платонизмде көп колдонулган. П. антика философиясында такталбаган, субъективдүү, аныкталган акыйкат билимден айырмалуу билимди түшүндүргөн. Элеаттар рационалдуу таанууга негизделген чындыкты чектейт, ж-а П. нерселердин көрүнүшү м-н гана тааныштыруучу сезим-туюмдук кабыл алууга негизделген деп эсептешкен. Атомисттер атомдор ж-а боштуктар гана болот, П. сезип-туйган кубулуштардын адамга келген «образдардын» эле натыйжасы дешет. Софисттер П. м-н Б-дин ортосунда чекти жоготуп, кимге кандай сезилсе, ал ошондой деп ашынган субъективизм м-н релятивизмге жол беришкен. Платон П-ди предмети рухий маңыз болгон Б-ден айырмаланып, болжоп табуу м-н ишенимге бөлүнгөн сезим туюмдук нерселерге бөлөт. Аристотелде пикир таанымдын эмпирикалык методу, кокустук ж-а жекеге гана таандык болгондуктан, предметтик мазмуну жалганга айланганга чейин барат. Аристотель пикирди предмети зарыл ж-а бүткүл жалпы болгон илимий билимден айырмалайт. Күндөлүк түшүнүктө пикир тигил же бул маселе боюча айрым адамдын, топтун ж-а кеңирирээк чөйрөнүн көз карашы. Б. дүйнөнү таанып билүү процессинин коомдук-тарыхый тажрыйбада текшерилген ж-а логика күбөлөгөн натыйжасынын адамдын аң-сезиминде элестөө, түшүнүк, корутунду, теория түрүндө адекваттуу чагылышы. Б. адамдардын коомдук материалдык ж-а руханий ишмердигинин жемиши; дүйнөнүн, жаратылыш м-н адамдын объективдүү касиеттеринин ж-а байланыштарынын идеалдуу белги түрүндө туюндурулушу. Билим салыштырма ж-а абсолюттук чындыктын диалектикасын чагылдыруу м-н ар түрдүү аныктыкта, көп деңгээлдүү, татаал мүнөзгө ээ болуп, маданиятынын тарыхынын ж-а жеке инсандын индивидуалдуу өнүгүү процессинде өсөт. Б. илимге чейинки, турмуштук ж-а илимий болушу мүмкүн. Илимий Б. өз кезинде эмпирикалык ж-а теориялык болуп бөлүнөт. Коомдо дүйнөнү өздөш-түрүүнүн өзгөчө жолу иретиндеги мифологиялык, көркөм ж-а диндик ж. б. Б. бар.