ПЛАТОН

ПЛАТОН (б. з. ч. 427–347-ж.) – байыркы грек ойчулу. Адамзаттын «эң жакшы жашоо» маселеси жөнүндө  тынчсызданып, П. аны акыл-эс ишке ашыра турган (бул мезгилдин ойчулдары үчүн акыл-эс каражат эмес, максат  болгон) мамлекеттердин моделин түзүүнүн жардамы менен чечүүгө аракет кылган. П. үчүн идеалдуу мамлекеттин  прототиби болуп, байыркы грециялык мамлекеттүүлүктүн негизги формасы, полис же шаар-мамлекет эсептелген. П-дун  ою боюнча идеалдуу мамлекет барыдан мурда адамдын өлбөс жан-дүйнөсүн сактап калуу үчүн зарыл. Философморалист катары ал жердеги берекесиз, аянычтуу жашоого каршы чыгат. «Мамлекет» диалогунда П. алгачкылардан  болуп, саясий формаларды мүнөздөөгө кайрылат. Ал саясий формалардын начарлары деп: тимократия, олигархия жана  демократияны сүрөттөп кеткен. Акыркысын ал сөзсүз түрдө көпчүлүктүн тираниясына алып келе турган саясаттын  башкы кырсыгы деп атаган. Мамлекеттин начар формасына П. идеалдуу мамлекетти каршы койгон. Идеалдуу  мамлекетти – тандалган ойчулдардын акыйкаттуу башкаруусу катары сүрөттөгөн. П. «сейрек кездешүүчө бул адамдар»  гана чыныгы билим менен ак ниеттүүлүктүн баасын билет деп эсептеген. П-дун саясий идеалында инсан, коом жана  мамлекет полисте айкалышкан. Катардагы индивидге чыныгы билим тиешелүү боло албайт дегенге ишенип, П. аны  мамлекетке баш ийдирүүгө умтулган. Ал тарбиялоо жана билим берүү системаларын катуу көзөмөлдөөгө алган  катмарлардын бекем иерархиясын киргизген: (жогорку тап) ойчулдар – башкаруучулар, жоокерлер жана күзөтчүлөр, кол  өнөрчүлөр жана дыйкандар. Башкарылуучулардын жеке эч нерсеси: үй-бүлө, менчиги жок – бардыгы жалпы. Жогорку  тап бийликте болгонуна карабай, «мамлекет сунуш кылган жыргалчылыктын биринен да пайдалана алышпайт». «Биз  мамлекетти, – деп улантат П. – анда бирөөлөр гана эмес, бардыгы бактылуу болушу үчүн курабыз». П-дун саясий  окуусунда тоталитаризмдин башатын көрүүгө болот. Бирок бир нече кемчилдигине карабай анын ойлорунда  мамлекеттүүлүктүн акылга сыярлык негиздерин, жогорку моралдык жан-дүйнөнү табууга мүмкүн.