ПОПУЛИЗМ

ПОПУЛИЗМ (лат. роруlаг – эл) – идеялык жана саясий кыймылдар. Курч социалдык карама-каршылыктарды башынан  өткөргөн коомдун кээ бир катмарларынын: фермерлер, майда буржуазия, төмөнкү квалификациядагы жумушчулардын  социалдык-психологиялык күткөндөрүн, каалагандарын чагылдырат. Эреже катары, П. коомдун өнүгүүсүнүн кризистик  мезгилинде пайда болот. Популисттердин катарына көбүнчө идеялык жана саясий багытын жоготуп, өзүлөрү үчүн Өтө  керек чечимдерди чыгартууга таасир бере турган бардык ыкма жана каражаттарды издеген адамдар киришет. Бул  кыймылдарда көбүнчө харизматикалык лидерлерге тартылышат. Ал «Жөнөкөй адамдардын кызыкчылыгын»  чагылдырып, «элдин добушуна» таянат. Биринчи популисттик партия АКШда 1891-ж. кээ бир фермердик союздардын  жана жумушчу уюмдарынын бирикмеси катары түзүлгөн. Алардын негизги программалык талаптары: корпорациялардан  ашык жерлерди алып, телефон жана телеграфты мамлекеттин менчигине өткөрүү, салыкты азайтуу жана салыктын  прогрессивдүү түрүн киргизүү, сегиз сааттык жумушчу күнүн киргизүү ж. б. болгон. Бардык популисттердин кыймылы  үчүн жалпы болуп «тең мүмкүнчүлүктүн» принцибин кайра жаңыртуу эсептелет. Ага ылайык «бардык адамдар  төрөлгөндөн тең». Алар «көзөмөлдөнгөн атаандашуу» концепциясын сунуш кылып, «чексиз индивидуалдуулукка»  каршы чыгышат. П-ге саясий аракеттердин коомдук нааразычылык кампаниялары, митингдер, бийликтердин кээ бир  аракеттерине (баалардын, салыктардын өсүшү ж. б.) каршы жүрүштөр сыяктуулар мүнөздүү. Солчул, гумандуулук  тенденциялары менен катар П-де оңчул, консерватордук маанайлар да пайда болот. Оңчул-популисттик аң-сезимдин  башкы өзгөчөлүгү болуп, социалдык институттардын көпчүлүгүнө терс мамиле кылуу. Оңчул популист, эреже катары,  жетишкендиктерге умтулган жалданма жумушчу. Ал бардыгынан мурда турмуш-тиричилик чөйрөсүн бекемдөөгө аракет  кылат. Бул аракеттери ишке ашпаган соң ал адаттагы институттарды жана моралды (үй-бүлө, дин, жашоонун түрдүүлүгү  ж. б.) өзгөрүүсүз сактап калуу үчүн козголоңго чыгат. Популисттердин чыгуулары ошондой эле өзүлөрүнүн  артыкчылыктарын жана бийлигин көбөйтүп, жөнөкөй эмгекчини унуткан бюрократияга, мамлекетке каршы болот.  Демократтык жана консерватордук идеялардын, социалдык сындоонун жана мурунку «жакшы мезгилди» эңсөөнүн  чырмалышы, өлкөнүн тагдыры жөнүндө тынчсыздануу жана идеологиялык догматтар түз саясий аракеттерде коркунуч  туудурган «шумдуктай аралашманы» түзөт.