ПРАКРИТИ

ПРАКРИТИ (санскриптчеден жаратылыш) — жаратылыштын материалдуу негизи. Ал дайыма өзгөрүлүп, кыймылдап ж-а өнүгүп турат. Көпчүлүк учурда П. «бүгүн көргөн эртең жок» оомалуу-төкмөлүү жалган дүйнө катары элестетилет. Анткени материалдуу дүйнөдө түбөлүктүү эч нерсе жок. Ошол себептен П. дүйнөлүк аң-сезим, дүйнөлүк рух болуп саналган, о. эле эч качан өзгөрбөй турган Пурушага карама-каршы түшүнүк болуп саналат. Пракрити м-н пуруша бири-бирине карама-каршы коюлган принциптер, бирок, экөө бириккенде гана дүйнөнүн эволюциясы болуп турат.