ПРЕЗИДЕНТТИК РЕСПУБЛИКА

ПРЕЗИДЕНТТИК РЕСПУБЛИКА – башкаруунун республикалык формасы. П. р-да президент шайлангандан кийин  олуттуу саясий өз алдынчалыкка ээ болот: Конституцияда көрсөтүлгөн өзгөчө абал болмоюнча кызматынан алынбайт  жана мөөнөтүнөн мурда кайра шайланбайт; парламентти чакырууга жана таркатууга конституциялык укугу болот;  АКШнын Конституциясына ылайык президент мин истрлер кабинетинин составын түзөт жана анын башчысы болот;  Франция Республикасынын жана Россия Федерациясынын Конституцияларына ылайык, жалпы шайлоолордун  жыйынтыгында же саясий күчтөрдүн өз ара мамилесинин өзгөрүшүнүн улам парламентте президенттин оппозициясы  көпчүлүгүнө ээ болгондугуна карабастан президенттер өздөрүнүн функцияларын уланта беришет. Керек болсо  референдумдун жыйынтыктарына таянып же Конституцияда көрсөтүлгөн башка чараларга негизделип, президент  парламентти таркатып, мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоолорду өткөрүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасынын  Конституциясына ылайык Кыргызстан жарым П. р. Анткени, бүткүл эл тарабынан шайланган (43-статъя) Президент  мамлекет башчысы болот, бирок өкмөт башчысы эмес. Кыргыз Республикасынын Президентинин бийлик-укугу  Конституциянын 46–53-статъяларында көрсөтүлгөн.