ПРОФЕССИОНАЛДЫК УЮМДАР

ПРОФЕССИОНАЛДЫК УЮМДАР, с а я с а т т а – азыркы коомдогу түрдүү социалдык жана профессионалдык  катмарлардын жана топтордун социалдык – экономикалык жана корпоративдик кызыкчылыктарын чагылдырган  бирикмелер жана союздар. Саясий уюмдар (партиялар) азыркы граждандык коомдун пирамидасынын чокусунда турса,  анын экинчи, кеңири катмарын профессионалдык жана корпоративдик уюмдар түзөт. Алар саясий партиялардын түздөнтүз көзөмөлүндө же кыйыр таасиринде болушу мүмкүн. Ошонун натыйжасында өзүлөрүнчө түрдүү даражада  саясатташкан же партиялардан көз карандысыз аракет кылышы мүмкүн. Профессионалдык союздар массалык уюм. Алар  өндүрүштөгү ишмердүүлүктүн түрү, кызмат кылуу жана маданий чөйрөдөгү жалпы кызыкчылыгы жана аларды коргоо  маселелери менен байланышкан жеке жана мамлекеттик сектордун (азыр полиция менен аскерлер) жалданма  жумушчуларын бириктирет. Алгач алар түрдүү типтеги өз ара жардамдашуу коомдорунун мүнөзүн алып жүрүшкөн.  Уюмдашкан күч катары П. у. мамлекет жана ишкерлер менен өз ара мамилелеринде чартизм (ХIV к. 40-ж. Англия),  Силезия окуучуларынын көтөрүлүшүндө (1844-ж.) жана Лион көтөрүлүшүнөн (1831–34-ж. Франция) бери көрсөтүп  келүүдө. Бирок профсоюздарга биригүүгө каршы мыйзамдар ага чейин эле пайда болгон (Ла Шапельенин мыйзамы,  Франция, 1791). Чындыгында бул мыйзам өндүрүштүн өнүгүшүндө тоскоолдук кылган биригүүнүн цехтик жана  корпоративдик формаларына каршы багытталган. Профсоюздар мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык  кызыкчылыктарын коргоо механизми катары түзүлгөн. Эмгек акы деңгээлин жана эмгек шарттарын аныктоочу  коллективдүү келишимдердин системасы аркылуу иш жүзөгө ашырылат. Өндүрүштүн татаалдашы менен социалдык  конфликттердин деңгээли жогорулаган. Профсоюздар жалданма жумушчулардын социалдык – экономикалык абалына  тийиштүү, өндүрүштүн өнүгүүсү боюнча маселелерди чечүүгө коллективдүү келишимдердин аткарылышын,  жалпысынан өндүрүштүн өнүгүшүн көзөмөлдөөгө катышууну талап кылышкан. Социалдык-экономикалык  кызыкчылыктарды коргоо каражаттарын тандоо боюнча профсоюздар агымдарга бөлүнгөн. Алар өндүрүштү  көзөмөлдөөнү максималдуулукка чейин кеңейтүү жана конфликттин формасын же сүйлөшүүлөр аркылуу бул  максаттарга жетүүнүн тынчтык ыкмаларын тандап алышат.

Мамлекетке жана ишкерлерге басым жасоо формасы салттуу  формага айланган: сүйлөшүүлөр, коллективдүү келишимдер, түрдүү формадагы иш таштоолор. Өткөндө эмгек менен  капиталдын кызматташтык формасы катары тармактык жана жалпы улуттук коллективдик келишимдер көпчүлүк орунда  болгон. Акыркы жылдары жумушчу таптын адаттагы отрядынын кыскарышы жүрүп, жаңы социалдык-профессионалдык  топтор пайда болот. Илимий-техникалык революциянын таасири менен эмгектин мүнөзү жана маңызы өзгөрүп жатат.  Массалык-тармактык жана жалпы улуттук-профессионалдык уюмдардын ролу тез төмөндөгөн. Өлкөнүн, тармактын,  ишкананын масштабында тар профессиялык топтордун кызыкчылыгын коргогон автономиялык профсоюздардын ролу  жана таасири жогорулаган. Профессионалдык союздардын саясатташтыруусунун даражасы көптөгөн факторлорго көз  каранды. Мисалы: алар партиялар менен түзүлгөнбү же өзүнчө пайда болгонбу, өзгөчө шарттарда саясий ролду ойноого  умтулабы же өзүлөрүнүн өзгөчө функциясын эле аткарабы. Эреже катары, бул уюмдар саясий функцияларын социалдыксаясий кризистеринин шарттарында партиялар менен тыгыз байланышта иш жүзүнө ашырылат. Бул мезгилде саясий  партиялар да кризис абалында болот. Мисалы: Франциядагы 1968-ж. «кызыл май» учурундагы жана Италияда 1969-ж.  «ысык көздөгү» профсоюздун саясий ролу. 70-ж. кризис учурунда Италиянын ишкерлеринин уюму саясий ролду  ойноого аракет кылган. СССРдеги шахтёрдук стачка комитеттеринин (1989–1990-ж.), кийин Россия тоо-кенчилеринин  көз карандысыз профсоюзунун, 1993-ж. май–июндагы Украинада Донбасстагы шахтёрлордун иш таштоолорунун  аракеттери акыркы мезгилдеги мисалдар болуп эсептелет. ХVIII к. аягы – ХIХ к. башында жалданма жумушчулардын  тилектештик уюмдары менен катар тармактык, аймактык жана улуттук белгилер боюнча ишмерлердин корпоративдикпрофессионалдык уюмдары түзүлө баштайт. Профсоюздарга каршы күрөш менен катар алар чет элдик атаандашуудан  улуттук ишмердикти коргоону, мамлекеттин ички жана тышкы саясатына таасир кылууну максаты деп алышкан.  Алгачкы ишкерлердин жалпы улуттук уюму болуп АКШнын өнөр жайчыларынын Улуттук ассоциациясы (1895-ж.)    түзүлгөн. Андан соң Британдык өнөр жайчылардын федерациясы (1916-ж.), Француз өнөр жайынын жалпы  конфедерациясы жана Германия өнөр жайынын Империялык союзу (1919-ж.) түзүлгөн. Ишкерлердин корпоративдикпрофессионалдык уюмуна улуттук Соода палаталарын да киргизүүгө болот. Бул бирикмелер мамлекетке, жалданма  жумушчуларга жана алардын уюмуна басым көрсөтүү топторынын ролун ойношкон. Ишкерлердин улуттук уюмдары  буржуазиянын түрдүү отряддарын бириктирүү менен бирге өз ара атаандашышат. Бирок көп учурда өзүлөрүнүн  ишмердүүлүгүн функцияларды бөлүштүрүү аркылуу иш жүзүнө ашырышат. Функциялардын бөлүнүшүнө АКШнын  уюмдары мисал боло алат: АКШнын өнөр жайчыларынын Улуттук ассоциациясы жалпы экономикалык саясатты түзүү,  ал эми Соода палатасы социалдык саясатка ылайыкташкан эмгек шарттарынын эмгек акысынын маселелери менен алек  болушат. Мамлекетке жана партиялык-саясий аппаратка басым көрсөтүү саясий партияларды каржылоодо гана эмес,  мамлекеттик аппараттын адистерин калыптандырууга катышууда да жатат. Акыркы мезгилде ишмердүүлүгү улуттук  чектен чыккан ишкерлердин ири уюмдарына: Соода палаталары, АКШнын өнөр жайчыларынын Улуттук ассоциациясы,  Британия өнөр жайынын Конфедерациясы, Француз ишкерлеринин Улуттук Кеңеши, италиялык өнөр жайдын  конфедерациясы, германдык жумуш берүүчүлүрдүн Союзунун Федералдык бирикмеси, герман банктарынын  Федералдык союзу ж. б. кирет.