РАДИКАЛИЗМ

РАДИКАЛИЗМ, с а я с и й (лат. radicalis – түп-тамырынан) – социалдык кайра курууларды иш жүзүнө ашырууга  багытталган, чечүүчү чараларды колдоп жана пайдаланган теория жана саясий практика. Радикалдык топтор жана  кыймылдар өзүлөрү демилге көтөргөн өзгөртүүлөрдөн тереңдеши жана масштабы менен айырмаланышат. Өтө  радикалдык саясий кыймылдар саясий экстремизм катары мүнөздөлөт. Р. коомдогу структуралык өзгөрүүлөр, кээ бир  социалдык топ жана катмарлардын абалына таасир тийгизген кризистик мезгилдерде жанданат. Капитализм орноп  жаткан мезгилде Р. буржуазиялык революциянын идеологиясы, феодализмге каршы, иерархиялык коомдун салттарына  каршы демократтык реформаларга жетүү үчүн күрөштөн формасы катары чыккан. ХIХ к. экинчи жарымынан тартып  антиимпериалисттик багыттагы Р-дин жогорулашы байкалган (анархизм, коммунизм) ХIХ к. аягы – ХХ к. башында  буржуазиялык коргоочу (ультрапатриотизм) жана корпоративдик (фашизм) маанидеги радикалдык агымдар келип  чыккан. 1960–70-ж. Батыш өлкөлөрүндө болуп өтүп, ортоңку катмарлардын кызыкчылыктарын көздөгөн технологиялык  революция «жаңы солчул» кыймылдардын келип чыгышын шарттаган. Алар Батыш коому менен катары «чыныгы  социализмди» радикалдуу сынга алган. Көптөгөн өнүккөн Батыш өлкөлөрүндө калктын көпчүлүгүнүн экономикалык  жетиштүүлүгү, социалдык кызыкчылыктарын ырастаган демократияга жетүүсү азыркы мезгилде Р-ди саясий  турмуштун чет жакаларына сүрүп чыгарган. Жашоонун төмөнкү деңгээли, социалдык конфликттер жана саясий  туруктуулугу жок мамлекеттерде Р. кеңири жайылган жана кийинки өнүгүү тенденцияларын сактоодо. Кыргызстандын  калкы өз башынан, терең социалдык-экономикалык кризисти кечирип жаткан мезгилде коомдун саясий турмушунда  радикалдык багыттар жанданууда. Саясий партиялардын ичинен «Эркин Кыргызстан» жана «Асаба» партияларынын  талаптары радикалдуулукка көбүрөөк жакындашат.