РАЗЗАКОВ Исхак
РАЗЗАКОВ Исхак (1910, Баткен обл., Лейлек р-ну, Коросон кыш. – 1979, Бишкек) – мамлекеттик ж-а партиялык ишмер. 1940-жылдан КПСС мүчөсү. Шахтёрдун үй-бүлөсүнөн. 1918-жылдан Ленинабаддагы балдар үйүндө тарбияланган. Ташкендеги педтехникумду (1931), Москва пландоо институтун (1936) бүтүрүп, 1936–38-ж. Өзбек ССР мамл. пландоо комитетинде экономист, 1939–41-ж. Өзбек ССР эл агартуу комиссары. 1940–44-ж. Өзбек ССР Эл комиссарлар советинин пред-линин орун басары. 1944–45-ж. Өзбекстан КП БКнын пропаганда ж-а агитация б-ча секретары, Өзбекстан КП БКнын бюро мүчөлүгүнө кандидат. 1945–50-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин председатели. 1945-жылдан Кыргызстан КП БКнын мүчөсү, кийин бюро мүчөсү. 1961-ж. августтан СССР мамлекеттик экономика советтин мүчөсү, тамак өнөр жай бөлүмүнүн начальниги. 1965-жылдан СССР мамл. пландоо комитетинин аппаратында. 1967-ж. марттан союздук маанидеги персоналдык пенсияда. КПССтин 19–21-съезддеринин делегаты, КПСС БКнын мүчөсү (1952–61). СССР Жогорку Советине (2–6-шайл.) депутат. Эки Ленин ордени, 1-даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.