РАМИС РЫСКУЛОВ

РЫСКУЛОВ  Рамис (1934-ж. т., Москва р-ну.)  –  акын. Кыргыз жазуучулар союзунун А. Осмонов атындагы сыйлыгынын лауреаты (1986) Кыргыз эл акыны. Алгачкы ырлар жыйнагы 1959-ж. «Жаз» деген ат менен чыккан. «Ыр чыны» (1966), «Поклон земле» (1968), «Даңкан» (1970), «Шарттуу ырлар» (1973), «Дилбар» (1975), «Күлкү чачам» (1977), «Радость» (1980), Жаштык шаары (1981), «Товарищ стих: Лирика» (1987), «Ыр нөшөрү» (1988) жыйнактардын автору.  60-жылдары кыргыз поэзиясы сапаттык жаңылануу жагынан чоң  секирик жасады, формалык жактан да, мазмундук жактан да улуттук адабият мурунку локалдык чектелүүчүлүктөн бийик көтөрүлдү. Адабий чөйрөгө  жаңы аралашып жүргөндөрдөн тартып аксакалдарга чейин бүтүндөй ал процесске аздыр-көптүр  үлүш кошуп калышты. Бирок негизги бурулуш жасагандар аттын кашкасындай көзгө  урунат. Ошондогу формалык изденүүлөрдүн тегерегиндеги талаш-тартыштын чордонунда дал ушул Рыскуловдун поэзиясы турду. Бул жагдайда акындын адаттан тыш ыр формасында оригиналдуу ой жүгүртө  алган жөндөмү, ошондой эле дүйнөнү  башкача кабылдоосу, чыгармалыгындагы күтүүсүз салыштыруулар менен метафора, ассоциялардын жыштыгы, демейдегиден бөтөнчө интонация менен тон, ырларына берилген көркөм боек себеп болгону талашсыз. Дүйнөнү  образдуу кабылдап, образдуу чагылдырыш жагынан айырмаланып турган. Өзгөчө өзү жашап аткан мезгилдин күрдөөлдүү илебин ансыз да тынчы жок акын ого бетер көтөрө чаап, нукту жердеги тириликти баяндоодон түз эле тайманбай, апкаарыбай космосту чагылдырууга бурду. Жердеги ылдамдыкты космостук ылдамдыкка салыштыруу менен адам жана  космостун байланышын  өзүнүн дүйнө таанымы, жеке аңдоосу менен чечмелеп, өмүрдүн баркы менен жоопкерчилигин окурмандардын ынтаасына койду.

 

Жүрүп кеттик зымырап

Жүз жылдарды карытып.

Күүдөн тайбас, арыбас

Күлүктөрдү арытып,

Алыс учтук аркырап,

Аймактарды тарытып.

Күн заманга чү койдук

Ай заманын каратып – деп акын адам менен космосту жуурулуштура сүрөттөп, мезгилге аалам бийиктигинен туруп көз жүгүрткөн.  «Космостук манифести» жеке эле кыргыз поэзиясында эмес, Бүткүл союздук масштабда оозго алаарлык чыгарма болгон.

Рыскулов биринчилерден болуп эркин ыр формасында изденүү менен кыргыз поэзиясынын поэтикасын жаңы ыргак, уйкаштык формалар, ассоциативдүү туюнтуу сыяктуу жаңыча салттар менен байытты, кыргыз поэзиясындагы эркин ыр формасынын тамыр алышына орчун эмгек сиңирген. А. С. Пушкин, В. В. Маяковский, Н. А. Некрасов, А. Вознесенский, Х. Алимжанов ж. б. ырларын кыргыз тилине которгон. Кыргыз, орус тилинде жазат.

 

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ