РЕАЛИЗМ

РЕАЛИЗМ, с а я с и й – коомдогу иштердин объективдүү абалына ылайык саясий курсту иштеп чыгуу жана жүзөгө  ашыруу. Р. ишке ашпаган утопиялык милдеттерди өзүнө камтыбайт. Р. төмөнкүлөрдү камсыз кылат: 1. коомдогу  экономикалык абалдын, коомдук өнүгүүнүн берилген этабында өндүрүш, башкаруу чөйрөлөрүндө келип чыккан чыныгы  карама-каршылыктарды катуу эсепке алуу; 2. кеңири эл массалары тарабынан саясий чечимдерди жана аракеттерди  колдоого багыт алуу. Эгерде саясат элдин чыныгы кызыкчылыгын көздөп, алардын жашоо деңгээлин жогорулатууга  жөндөмдүү болсо, анда аны эл колдоосу мүмкүн. СССРдеги 1986-ж. башталган кайра куруунун ордунан чыкпай калышы  калктын негизги массасынын абалынын жакшырбай кайра төмөндөшү менен шартталат. 3. Берилген саясий багыттын ар  тараптан илимий иштелип чыгуусу. Ал башка эмес, дал ушул багыттын зарылдыгынан, экономикалык, социалдык,  саясий, руханий мамилелердин өнүгүүсүнүн объективдүү мыйзамдарына таянуусунан, объективдүү шарттар менен  субъективдүү факторлордун өз катышынын реалдуу баасынан, өлкөнүн ичинде жана эл аралык аренада саясий  күчтөрдүн орун алышынан турат. 4. Субъективдүү фактордун адекваттык өнүгүүсү, илимий негизделген саясий багытты  иштеп чыгарууга жана аны ишке ашыруу ишмердүүлүгүн башкарууга жөндөмдүү саясий лидердин болуусу. Саясий  лидердин жана анын командасынын төмөндөгүдөй касиеттери болушу чоң мааниге ээ: терең кругозор, компетенттүүлүк,  жогорку авторитет жана массалар тарабынан ишенимдин болушу, чыныгы демократиялуулугу, берилген саясий  багытты ишке ашыруудагы туруктуулугу ж. б.