РЕФОРМА

РЕФОРМА (саясий, социалдык) – коомдун саясий системасынын негизин түп-тамырынан эмес, айрым гана  элементтерин өзгөртүүчү саясий аракеттердин жыйындысы. Узак убакыт бою Р. марксисттер тарабынан революцияга  каршы коюлган. ХХ к. тажрыйбасы мындай каршы коюунун туура эместигин көрсөттү. Революция коомдо пайда болгон  проблемалардын чечилишинин радикалдуу каражаты болуп эсептелет. Саясий системанын мезгилдүү кризистери,  коомдук өнүгүштүн механизмдеринин бузулушун, өнүгүү ресурстарынын толугу менен сарп кылышын күбөлөндүрөт.  Коомдун кийинки өнүгүшү үчүн Р. көбүрөөк зарыл болгон кырдаал жөнүндө сөз болушу мүмкүн. Р. коомду жаңы  шарттарга ыңгайлаштырса, революция негизинен жашоого мүмкүнчүлүгү бар социалдык организмди бүлдүрүүгө  жөндөмдүү. Р. саясий кризистин натыйжасы болушу мүмкүн. Же алдын ала кризистик кубулуштардын симптомуна  реакция катары болот. Р-ларды ишке ашыруу башкаруучу топ жана башкаруучу элита белгилүү көрөгөчтүктү жана  кыраакылыкты көрсөткөн шартта гана мүмкүн. Айрыкча Р-ды жүргүзүү элитанын артыкчылыктарынын кээ бир бөлүгүн  жоготууга алып келиши мүмкүн. Көбүнчө коомдун стабилдүүлүгүнүн бузулуу, саясий кризистин болуу коркунучу  астында жүргүзүлгөн Р. башкаруучу элита тарабынан жамандык катары кабыл алынат. Бул болсо контрреформа  коркунучун туудурат. Эгерде реформанын талапкерлери парламенттен тышкары аракеттерге да даяр граждандардын  массалык колдоосуна таяныша алышса, анда Р. көбүрөөк радикалдуу мүнөздө болот. Р-ды жүргүзүүнүн субъектиси  болуп демократия шарттарында башкаруучу саясий партия, авторитардык режимде саясий лидердин тобу чыгат. Алар  коомдо көздөгөн өзгөртүүлөрдү жүзүнө ашыруу үчүн бийликтин болгон рычагдарын пайдаланышат. Саясий системанын  ар бир элементи реформалоонун объектиси боло алат. Ал аркылуу реформаторлордун каалоосуна ылайык коомдук  жашоонун, социалдык мамилелерди кошкондо, ар бир чөйрөсү да объект боло алат. Эреже катары, башында ылайык  келүүчү мыйзамдарды кабыл алуу жолу менен Р-лардын нормативдик базасы түзүлөт. Андан соң Р. институционалдык  чөйрөдө (бийликтин жана аткаруу органдарын түзүү, эски органдарынын функцияларын аткарат) жүргүзүү механизмин  түзүү максатында ага ылайык өзгөрүүлөр жүзөгө ашырыла баштайт. Реформаторлордун саясий эркинин жана  ишмердүүлүгүнүн ортосундагы байланыштыруучу кичи система аркылуу өзгөрүүлөр коомдук турмуштун  экономикалык, идеологиялык чөйрөлөрүнө таркалат. 1929–33-ж. дүйнөлүк кризистен соң, өнүккөн демократтык  өлкөлөрдө Р. процесси үзгүлтүксүз мүнөздө болууда. Эгерде көптөгөн өзгөртүүлөрдүн башында социал-демократтар  турушса, акыркы он жылдыктарда Р. бүткүл саясий спектрдин саясий партиялары, (анын ичинде неоконсервативдик да)  аркылуу ишке ашырылууда. Р. айкын программаларында келишпестиктер болгону менен жалпы багыттары аныкталган.  Калктын жашоо деңгээлин жогорулатуучу чаралардын эсебинен коомдо содиалдык стабилдүүлүктүн жана  башкаруучулуктун даражасын көтөрүү, социалдык теңсиздикти жумшартуу, коомдук турмуштун экономикалык жана  саясий чөйрөлөрүндө бардык граждандардын тең мүмкүнчүлүктөрүнүн чегин көбөйтүү аракеттери жөнүндө сөз болот.  Конфликттик кырдаал туулганда көч менен чечүү аракетине караганда компромиссти жана консенсусту издөө  көбүрөөк кездешет. Р-лардын жалпы жыйынтыгы бийлик жана башкаруу органдарынын функцияларында жана  структурасындагы өзгөрүүлөр гана эмес, коомдун өзүндө терең трансформация болгон. Көп укладдуу, социалдык  айырмачылыктар багыт алган рынок экономикасы түзүлдү, социалдык ажырымдар жумшарды, көптөгөн социалдык  чектер жоюлган. Коомдун социалдык структурасы көп деңгээлдүү болуп калды. Өткөөл, таптар аралык абалда турган  катмарлар сандык жактан басымдуулук кылышат. Бардык деңгээлдеги бийлик структуралары көбүрөөк демократтык  болушту да, саясий жана экономикалык бийликти алып жүрүүчүлөрдүн бөлүнүшү жүрдү, социалдык партнердуулук  мамилелери өнүктү. Өнүккөн демократиялык өлкөлөр жеткен стабилдүүлүк жана жашоонун жогорку деңгээлин Рлардын жардамы менен жете турган, натыйжалардын модели кылып койгон. Алардын тажрыйбаларын модернизация  стратегиясынын чегинде авторитардык режимдер жана тоталитаризм менен кол үзгөн өлкөлөр көп жолу көчүргөнгө  аракет кылышкан. Бардык эле саясий режимдер демократиялык реформалаштырууга ыктай бербейт. Жакын ички жана  эл аралык шарттарда Р. тынч демократтык революцияны иш жүзөгө ашырууга жол ачат.