РИМ КЛУБУ

 «РИМ КЛУБУ» – эл аралык коомдук уюм; табият таануу, техникалык жана гуманитардык илимдердин тармагындагы  окумуштуу-адистерди, ошондой эле дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндөгү коомдук ишмерлерди бириктирген ассоциация.  1968-ж. Римде чогулган, Италиялык экономист жана коомдук ишмер А. Печчеи (1908–1984-ж.) баш болгон 30 батыш  окумуштууларынан турган топтун демилгеси менен негизделген. Ар бир өлкөнүн гражданини жеке адам катары клубдун  мүчөсү боло алат. Анын катышуучуларынын саны бир мезгилде 100 адамдан ашпоосу керек. Бүгүнкү күндө клубда 30  жакын өлкөнүн өкүлдөрү мүчө болуп турушат (анын ичинде 20дан ашыгы – АКШдан). «Р. к-нун» Уставы, бюджети  (туруктуу), басма органдары жок. Администрациялык штатка ээ эмес. АКШ, Япония, Канада, Нидерланды, Швеция,  Бельгия ж. б. өлкөлөрдө «Рим клубунун топтору» түзүлгөн. Бирок алар клуб менен формалдуу түрдө байланышкан эмес.  Р. к-нун ишмердүүлүгүн Аткаруу комитети жетектейт. Дүйнөнүн түрдүү шаарларында өткөрүлүүчү клубдун жылына  чакырылуучу жыйындары болуп турат. Ишмердүүлүктүн башкы формасы кеңири чөйрөдөгү маселелер, айрыкча  социалдык-экономикалык тармактар боюнча ири масштабдагы изилдөөлөрдү уюштуруу. Изилдөөлөрдүн натыйжасы  «Рим клубунун докладдары» түрүндө басылып чыгарылат. Ал болсо дүйнөлүк илимий коомчулуктун кеңири кызыгуусун  туудурат. Докладдарды даярдоо көрүнүктүү окумуштуулардын жана адистердин тобуна ыйгарылат. Алардын  тематикасы төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт: энергетика, азык-түлүк, жаратылыш реформалары, экология, валюталык  маселелер, жаңы эл аралык экономикалык тартип, курал-жарактарды көзөмөлдөө, илимий-техникалык революциянын  тенденциялары жана социалдык кесепеттери ж. б. Ошондой эле алар тарабынан бүгүнкү күндөн глобалдык  проблемаларын изилдөө программасы сунуш кылынган: курал-жарактар боюнча мелдешүү, куралсыздандыруу жана эл  аралык коопсуздук, айлана-чөйрөнүн жана дүйнөлүк океандын булганышы; табигый ресурстардын азайышы; айрым  өлкөлөрдүн өнүгүүсүндө теңсиздиктин тереңдеши; жакырчылык жана кедейчилик пролемалары. Бул докладдарды  талкуулоого катышууга түрдүү тармактардагы ири адистер тартылышат. Рим клубунун чегинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр  – «Өсүүнүн чеги», «Адам бурулуш чегинде», «Адамзат үчүн максат», «Окууга чек болбойт», «Келечекке алып баруучу  маршруттар», «Үчүнчү дүйнө: дүйнөнүн төрттөн үчү», «Микроэлектроника жана коом» жана башкалар дүйнө жүзүндө  кеңири белгилүүлүккө жетишкен. Дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн чыныгы курч глобалдык маселелерге бурдуруу Р. кнун окумуштууларынын изилдөөлөрүнөн маанилүү жагы болуп калды. Алар табияттагы көзөмөлсүз адамдын  ишмердүүлүгүнүн терс кесепеттерине башкача көз караш менен баамдоого мажбур кылышты. Клубдун мүчөлөрү  маселелерди тынч жол менен чечүү, дүйнөлүк кызматташтыктын революциясы, өлкөлөр жана элдердин ортосундагы  тилектештик өкүм сүргөн абалды реалдуу анализдөөгө жана тынч жашап өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн жол  табууга умтулуу менен мүнөздөлөт.