РУХ

РУХ (дух) (гр. pneuma; лат. spiritus; сөзмө сөз: таза аба, керимсел, дем алуу) — 1) материалдык, жаратылыштык башталмадан айырмаланган заттык эмес башталманы туюндурган философиялык түшүнүк; 2) адамдын эң жогорку жөндөмдүүлүгү; ал адамды ой жүгүртүүгө, өзүн өзү аңдай билүүгө, айлана-чөйрөнү өзүнүн муктаждыктарына ылайык өздөштүрө алуусуна өбөлгө түзүчү булак; андай жөндөмдүүлүк жеке ж-а коомдук турмуштун табигый негизин адеп — ахлактык, маданий ж-а диний нарктар м-н толуктоого да мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Индия философиясында Р. түшүнүгү брахмандын эң жогорку реалдуулуктун, объективдүү жекеликсиз Р. башталмасынын атман м-н болгон карым-катнашы аркылуу ачылат. Байыркы Грецияда Р. түшүнүгү алгач материянын айрым белгилери бар назик субстрат катары түшүндүрүлгөн. Платон м-н Аристотелде акыл (нус) космосту биринчи кыймылга келтирүүчү ж-а форма жаратуучу башталма болуп эсептелет. Орто кылымдын философиясында библиялык христиан салты Р-ту барыдан мурда жекече абсолют ж-а жок нерседен дүйнө м-н адамды жараткан Кудайдын жекече эрки деп элестешет. Жаңы мезгилдин философиясында Р-ту барыдан мурда акыл-эс, ой жүгүртүү (Декарт, Спиноза, француз материалисттери) катары рационалисттик түшүнүү өз өнүгүшүнө ээ болот. Гегель өнүккөн логикалык категориялардын системасын түзөт деп эсептелген дүйнөлүк рухтун философиясын түзгөн. 19-к-да Р. түшүнүгү позитивизм, марксизм, волюнтаризм сыяктуу багыттардын сынынын бутасына айланат. Соңку философияда Р. түшүнүгү анча кеңири белгилүү эмес.