САКТАР ДҮЙНӨЛҮК ТАРЫХТА

Б. з. ч. VIII—III кк. Орто Азия республикалары менен Казакстан ээлеп турган эбегейсиз зор мейкиндикте жалпы жонунан сактар, же скифтер деп аталган көп сандаган уруктар жашаган. Индиялык булактарда буларды турдар, байыркы кытайлык маалыматтарда сэ эли деп аташат.

«Сак» деген түшүнүк «эркин адам», «күчтүү эркек (жоокер)* дегенди билдирген.

Орто Азиянын элдеринин тарыхы боюнча алгачкы маалыматтар Зороастризм дининин ыйык китеби Авестада (б.з.ч. У1-1У кк.), Дарий I нин мезгилиндеги байыркы персиялыктардын жазууларында (б. з. ч. 522-486-жж.) кездешет.

Борбордук Азиянын элдери жөнүндө маалымат Геродоттун (б. з. ч. 484—425-жж.) шарттуу түрдө «Тарых» деп аталган китебинде берилет. Анын маалыматтары боюнча көчмөн уруулар Дон дарыясынан Теңир-Тоого чейин отурукташкан. Анда «сактар» (скиф уруулары) баштарына кийизден жасалган чуштугуй, калың баш кийим кийншкен, жаа, канжар, айбалта менен куралданышкан. Сактардын атчандары »р жүрөктүүлүгү менен айырмаланышкан.

Б. з. ч. VI-V кк. Орто Азиялык сактар эки ири УРУУ союзуна биригишкен. Биринчи союзга массагеттер, абилер, апасиакилер, дебектер, дахилер ж. б. уруулар кирген. Байыркы персиялык булактарда булар «тиграхауд сактары» ал эми байыркы гректерде «ортокарибант сактар», которгондо «шуңшугуй калпакчан сактар» делип аталган. Сактардын айрым жол башчылары баштарьгна куштун (бүркүттүн) канатын сайынып жүрүшкөн. Бул союзга кирген сактар Каспий деңизинен жана Узбойдон тартып, Теңир-Тоо менен Иле дарыясынын өрөөндөрүнө чейинки аймакты ээлеген. Экинчи союз Түндук Индиядан Алайга жана Ферганага чейинки мейкиндикти ээлеп турган. Перстер аларды «хаумаварга » , т. а. «Хаум өсүмдүгүн урматтаган сактар » деп аташкан. Булар хаум (чекенде) деп аталган өсүмдүктүн ашынан касиеттүү деп эсептелген суусундук жасашкан. Азыркы Кыргызстандын түндүк районунда «тиграхауд сактары», ал эми түштүгүндө «хаумаварга сактары», жашашкан. Сактар баЙыркы чыгыш иран жана байыркы түрк тилдеринде сүйлөшкөн, көбүнчө европеоид түспөлүндөгүү уруулардын союзу болгон. Тиграхауд сактарынын айрымдарында монголоиддик белгилер кездешкен. Сактарды түрк тилдүү элдердин ата-бабаларынан болгон деп эсептесек болот. Белгилүү кыргыз тарыхчысы, профессор С. Аттокуров «Тайлак баатыр* деген эмгегинде кыргыздын саяк уруусу генеологиялык жактан сактар менен байланыштуу деген пикирди айтат.

Коомдук түзүлүшүндө сактар үй-бүлөлөрдөн турган көчмөн общиналарга бириккен. Ал эми общиналык түзүлүштүн бузулушунун натыйжасында урук-уруулардын ак сөөктөрү бөлүнө баштайт. Аскер башчыларынын мартабалары жогорулап, байлыктары өскөн. Б. з. ч. V к. сактардын коомунда социалдык теңсиздик пайда болгондугун аларга тиешелүү көрүстөндөрдүн көлөмү, андан табылган археологиялык эстеликтер далилдейт. «Падышалардын» мүрзөлөрүнүн диаметри 50дөн 120 м, бийиктиги 9-15 м жетет. Уруунун ак сөөктөру диаметри 30-45 м, бийиктиги 5-7 м келген мүрзөлөргө, эрдик көрсөткөн жоокерлер чоңураак, ал эми каралайым адамдар бир аз гана белгиленген мүрзөлөргө коюлган. Эң чон мүрзөлөрдөн 4 миңге чейинки алтын буюмдар, карапайым адамдардыкынан бирин экин гана чопо, идиштер табылган. Коомдун эң төмөнкү баскычында аз сандагы кулдар турган. Коомдук түзүлүшү боюнча сактар мамлекет түзүүнүн алдында турган десе болот.

Жаратылыш шартына ылайык Кыргызстандын түндүгүндөгү сактар негизинен мал чарбачылыгы менен кесиптенишкен. Ферганалык сактар болсо мал чарбасын дыйканчыльпс менен айкалыштырган. Мал чарбасында короо-короо кылчык жүндүү койлорду, тоого ылайыкташкан үйүр-үйүр жылкыларды, эки өркөчтүү төөлөрдү, уйларды багышкан. Дыйканчылыкка ылайык жерлерде сугат иши өнүккөн. Буудай, арпа, таруу айдашкан. Сүт менен эт сактардын негизги азыктүлүктөрүн түзгөн, жүндөн, өсүмдүк буласынан жип ийрип, кездеме токушкан. Кийизден жасалган кыргыздын калпагына окшогон, шуштугуй калпактарды кийишкен. Териден кийим тигип, ат жабдыктарын, идиштерди жасоо кенири тараган.

Кыргызстаядан сак маданиятынын эстеликтери Чүй өрөөнүнөн, Ысык-Көлдөн, Теңир-Тоодон ж. б. жерлерден көп табылган.

Б. з. ч. VI к. тиграхауд сактары өзүнүн көз каранды эместиги үчүн күчтүү перстер (ирандыктар) менен кармашат. Б. з. ч. 550-ж. персиянын падышасы Кир II Мидия малекетин талкалап. Жер Ортолук деңизинен Инди өрөөнүнө чейинки мейкиндикти ээлеген, борбордоштурулган кубаттуу Ахемениддер мамлекетин негиздейт.

Улуу грек тарыхчысы Геродоттун жазып калтырган маалыматтары боюнча Кир II өзүн кудайларга теңеп, эч качан жекилбесмин деп эсептеген. Ал өзүнүн гвардиясын «өлбөстөр» деп атаган.

Б. з. ч. 530-ж. ал тиграхауд сактарын талкалоо үчүн 200 миң күчтүү аскери менен аттанат. Бул согушта сактардын башында ханыша Томирис турган. Адам каны суудай аккан бул кыргында перстер жекилип, дүйнөлүк бийликке умтулган Кир II өлөт. Бул салгылашта өзгөчө эрдик көргөзгөн сактардын гвардиясы «кырылгыздар» (кыргыздар) деп аталган деген маалымат бар.

Б. з. ч. 519-518-жж. Ахеменид династиясынын кезектеги падышасы Дарий I сактарды баш ийдирүүгө жетишип, аларды салык төлөп турууга мажбур кылат. Канчалык аракет кылганы менен ирандыктардын бийлиги Сыр-Дарыядан түндүккө өтө алган эмес. Кыргызстандын түндүгүндө жашаган сактар Персияга каршы согуштарга катышканы менен өз жерин ирая баскынчыларына тепсеткен эмес.

Кийинчерээк сактар нран элдери менен тынчтык жана согуштук мамиледе болуп, дүйнөлүк ири тарыхый окуя болгон Грек-перси согуштарына (б. з. ч. 500-449-жж.) катышкан. Айтылуу Марафон салгылашуусунда (6. з. ч. 490-ж.) сак атчандары каарман эрдиктерди көрсөтүшкөн.

Б. з. ч. 331-ж. Македонскийдин аскерлерн перстер менен сактардын аскерлерин жеңип, 329-ж. Сыр-Дарыянын жээгине чыгат. Бирок бул жерден баскынчылар сактардын күчтүү каршылыгына дуушар болгон. Анткени сактар б. з. ч. IV к. бул жерде өздөрүнүн мамлекетин негиздеп, экономикалык жана саясий жактан бир кыйла жөнгө салынып калган. Аскердик тартип чыңдалып, согуш өнөрү өскөн. Курал-жарагы боюнча алар грек-македондуктардан кем калышкан эмес.

Александр Македонскийдин аскерлери менен сактардын чечүүчү салгылашы б. з. ч. 329-ж. Сыр-Дарыянын жээгинде болгон. Орто Азия элдери күрөштө жеңилген, баскынчылар да баштагы күч-кубатынан кайтып калышкан. Ошондуктан Македонскийдин Индияга жүрүшү кечеңдеген.

Грек-македондуктар Кыргызстандын аймагына терендеп кире алышкан эмес. Чыгыш тарабынан алар Ош областынын Лейлек району аркылуу агып өткөн Кожо-БакырганСай суусуна чейин гана жетишкен.

Александр Македонскийдин колбашчысы Селевк 6. з. ч. 312-ж. өзүнүн жаңы Грек-Бактрия мамлекетин негиздеген (б. з. ч. 312-64-жж.). Бул мамлекеттин эң чыгышындагы Антиохия шаары азыркы Өзгөндүн жанында болгон деген божомол бар. Бул ферганалыктардын кыска мөөнөттө гректерге көз каранды болгондугун айгинелейт. Алыскы Греция менен Кыргызстандын түштүгүнө чейинки байланыш кийин Кытайдан Римге чейин созулган Улуу Жибек жолунун түзүлүшүнө өбөлгө болгон.

Сактардын акыркы мезгили жөнүндө маалыматтар тарыхта аз. Сактардын арасында уруу биримдиктеринин начарлашы чыгыштан келген күчтүү көчмөндөрдүн кысымына туруштук бере алган эмес.

Б. з. ч. II к. дарыянын аркы өйүзүндөгү сактарды хунндар тарабынан Чыгыш Түркстандан сүрүлүп чыккан юэджилер (тохарлар) жеңип алган. Юэджилер Теңир-Тоо менен Ферганада көпкө тура алышкан эмес. Алар сактар менен биргелешип Орто Азиядагы Грек-Бактрия падышачылыгын талкалашат. Хунндардын империясы күч алып турган чакта өз алдынча болууга умтулган усундар б. з. ч. II к. ортосунда Чыгыш Түркстандан Борбордук Теңир-Тоого жылып, бул жердеги сак урууларын каратып алышкан. Ушуга байланыштуу Жети-Суулук жергиликтүү сактар батышка, Орто Азиянын борбордук бөлүктөрүнө, бийик тоолуу жерлерди карай журт которууга аргасыз болушкан. Сактардын калган бөлүктөрү усундар менен аралашып, кийияки элдердин калыптанышына өбөлгө болгон.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор