САЯСИЙ БАШКАРУУ

САЯСИЙ БАШКАРУУ саясаттын субъектисинин өз кызыкчылыктары үчүн саясий мамилелерге тийгизген  аракеттери жана таасирлери. Саясат коомдук турмуштун бардык жактарынын бирдиктүү туюндусу катары  чыккандыктан, С. б. аларга карата саясаттын, биринчилигинин көрүнүшү болуп, коомдук өнүгүүнүн экономикалык жана  руханий маселелеринин саясий чечимдерин камсыз кылат. Ушундан улам С. б. бийликти ишке ашыруучу катары чыгат.  С. б. жалаң эле мамлекеттик каражаттар аркылуу эмес, ошону менен бирге ар кыл коомдук уюмдар, биринчи кезекте,  саясий партиялар тарабынан да жүргүзүлөт. С. б. толугу менен ишке ашыруу үчүн бийликти колго алуу жетишсиздик  кылат. Колго алынган бийликти пайдалана билүү зарылчылыгынан келип чыгат. Мындай пайдалана билүү, биринчи  кезекте, объективдүүлүктү жана субъективдүүлүктү гармониялык айкалыштыруудан көрүнөт. Натыйжалуу башкаруу  үчүн саясаттын субъектиси (инсан, элита, лидер) объективдүү чындыктын өнүгүү мыйзам ченемдиктерин таанып –  билүүгө жана ал билимдерин өзүнүн практикалык ишмердүүлүгүндө жетекчиликке алууга тийиш. Илимге негизделбеген  жана баш аламан жүргүзүлгөн С. б. коомдогу терс көрүнүштөргө жана кризистерге алып келет.