САЯСИЙ ЖЕТЕКЧИЛИК

САЯСИЙ ЖЕТЕКЧИЛИК саясий чөйрөдө жүргүзүлгөн стратегиялык жана тактикалык пландарды ишке ашырууга  багытталган коомдук ишмердүүлүктүн бир түрү, агымдагы саясий процесстерди бир борбордон башкаруу. Саясий  практикада саясий чечимдерди иштеп чыгуу, кабыл алуу жана ишке ашыруу менен байланышкан жөнгө салып –  башкаруучу С. ж-ин жана үстөмдүк кылган саясий элитанын легитимдүүлүгүнө жетишүүгө жана кармап турууга  багытталган С. ж-ти айырмалап карашат. С. ж-тин субъектиси ким? – деген көз караштан алып караганда ал  персоналдык, элитардык-корпоративдик жана институционалдык болуп бөлүнөт. Персоналдык С. ж. саясий чечимдердин  кабыл алынуу жана ишке ашыруу процессине олуттуу таасир этүүгө талапкер болгон саясий лидер же айрым алынган  гражданин тарабынан жүргүзүлөт. Саясий бийликтин бутактары жана массалык маалымат каражаттары чечүүгө  тийиш болгон маселелердин өзгөчөлүктөрү С. ж-тин мазмунун шарттайт. Алсак, мыйзам чыгаруучу бийлик үчүн  мыйзамдарды иштеп чыгуу ишмердүүлүгү мүнөздүү. Аткаруучу бийлик үчүн – ыкчамдуу С. ж. жана саясий башкаруу.  Сот бийлиги С. ж. көзөмөлдөөчү кызматына адистешкен. Массалык маалымат каражаттары кимге тиешелүүлүгүнө  жараша, ар түрдүү саясий күчтөрдүн кызыкчылыктары үчүн массалык саясий аң-сезимге таасир этишет.