САЯСИЙ КАТЫШУУ

САЯСИЙ КАТЫШУУ – социалдык-саясий жалпылыктын мүчөлөрүн (уруу, урук, этностук топ, улут ж. б.) индивиддик  же группалык негизде жалпылыктын (же эл аралык коомчулуктун тарыхый өнүгүшүнүн белгилүү бир стадиясында)  ичиндеги саясат – бийлик мамилелеринин процессине тартуу. Карама-каршылыктуу кызыкчылыктар жана  конфликттер менен байланышпаган, бийликтин бөлүнүшүнө таасир этпеген маселелердин чечилишине катышуу С. к.  болуп эсептелбейт. С. к-нун төмөнкүдөй түрлөрү бар: индивидуалдуу жана коллективдүү, ыктыярдуу жана мажбурлоо,  активдүү, адаттагыдай жана жаңыча, легитимдүү жана легитимдүү эмес ж. б. Ушул түрлөрүнө жараша адамдар төмөнкүлөргө катыша алышат: шайлоолорго, чечимдердин кабыл алынышына; башкарууга жана өзүн-өзү башкарууга;  саясий лидерлерди тандоого жана алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө; мыйзамдарды кабыл алууга, ишке ашырууга  жана сактоого; шайлоо жана башка саясий кампанияларга, саясий митингдерге, жана чогулуштарга; саясий  маалыматтарды кабыл алууга жана таркатууга; иш таштоого жана граждандык баш ийбөөчүлүктүн массалык  кампанияларына; боштондук согуштарына жана революцияларга, саясий партиялардын ишмердүүлүгүнө ж. б. Көлөмү  боюнча С. к. жергиликтүү, регионалдык (областтык, райондук) жана улуттук (республикалык) деңгээлдерде болот.  Демократтык коомдун шарттарында ар түрдүү индивиддер, топтор жана катмарлар саясатка ар түрдүүчө катышат.  Алардын катышуу же катышпоо даражасына, катышуунун натыйжалуулугуна жалаң эле социо-маданий жана  географиялык чөйрө (үй-бүлө, жамаат, жашаган жери, инфраструктуранын өнүгүү деңгээли ж. б.) жана социалдыкдемографиялык факторлор эмес, андан тышкары билимдүүлүктүн деңгээли, бош убактысынын көлөмү, акча жана анын  башка материалдык каражаттар, маалыматтарга жана анын каражаттарына жолдун ачыктыгы, саясий партияларда  мүчөлүгү, саясий-мамлекеттик иерархиядагы ээлеген орду ж. б. да олуттуу таасир тийгизет. С. к. – бул жалаң эле  мамлекетти башкарууга жана шайлоолорго катышуу эмес. С. к. – бул демократиянын негизги белгилеринин бири,  саясий социалдаштыруунун жана саясий тарбиялоонун, конфликттерди чечүүнүн, бюрократия жана граждандардын  саясий четтетилиши менен күрөшүүнүн каражаты.