САЯСИЙ ОЙ-ЖҮГҮРТҮҮ

САЯСИЙ ОЙ-ЖҮГҮРТҮҮ – бүгүнкү күндөгү объективдүү чындыктын коомдук жана индивидуалдык саясий аңсезимде чагылдырылуусу. Башка ой-жүгүртүү сыяктуу С. о. ж. түздөн-түз сезимдик чагылдыруу; сөз, түшүнүк,  элестетүүдөн айырмаланып, таанып-билүүнүн жогорку баскычын билдирет. С. о. ж. өзүнчө бүгүнкү күндөгү саясий,  социалдык, экономикалык, согуштук-стратегиялык чындыктарга, жалпысынан дүйнөлүк реалияларга таандык касиеттер,  байланыштар, мамилелер жөнүндөгү билимди камтыйт; анын жардамы менен таанып-билүүдө кубулуштан маңызга өтүү  ишке ашырылат. Өткөн кылымдын 50-жылдарынын ортосунан баштап, адамзат коомдук өнүгүүгө ой-жүгүртүүнүн  татаал жолун басып өткөн. Цивилизациянын ири социалдык жана илимий-техникалык жетишкендиктери менен катары  анын терең кризиси байкалган. Ал согуш жана тынчтык, коом менен жаратылыштын мамилелеринин чөйрөсүн, эл  аралык мамилелердин, демография жана адамзат областынын жыйындысын өзүнө камтыган. Курчап турган дүйнөнү  көрүүдө интеллектуалдык бузуп өтүү керек болду, конфронтациялык, метафизикалык ой жүгүртүүнүн постулаттарын  чечкиндүү түрдө кайра карап чыгуу, эскирген догмалар менен стереотиптерди четтетүү зарыл болгон. С. о. ж-нөн  орношунда жана өнүгүшүндө көптөгөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, согушка каршы жана  экологиялык кыймылдар, прогрессивдүү эл аралык жана регионалдык уюмдар зор салым көрсөткөн. 1955-ж. белгилүү  Эйнштейн-Расселдин Манифестинен 30 жыл өткөн соң 1985-ж. жаңы С. о. ж. деп аталган бир катар ири идеялар жана  жоболор сунуш кылынган. Кийин алар бир системага келтирилген. Анын маңызы төмөнкүдөй: мамлекеттердин жана  элдердин ортосунда түшүнбөстүк жана карама-каршылыктардын болгондугуна карабай, дүйнөдө биримдиктин, өз ара  байланыштын жана региондордун, өлкөлөр менен элдердин өз ара көз карандылыгынын өсүшүнө карай багыт үстөмдүк  кылат.

Дүйнөнүн көп түрдүүлүгү анын биригишине тоскоолдук боло албайт. Ири экономикалык, саясий, экологиялык,  согуштук ж. б. маселелердин чечилишинде жалпы адамзаттык кызыкчылык жана баалуулуктар чоң мааниге ээ. Бүгүнкү  күндүн глобалдык проблемаларын, цивилизациянын кризисин жеңүү кызыкчылыктарында бардык мамлекеттердин күчүн  глобалдаштыруусуз чечүү мүмкүн эмес. Дүйнөнүн көп түрдүүлүгү мамлекеттердин алдында турган маселелеринин көп  түрдүүлүгүнө таасир этет. Ар бир эл өзүнүн өнүгүүсүнүн социалдык жана саясий жолун тандоодо эркиндик укугуна ээ.  Эл аралык мамилелердин универсалдык принциби – тынч жашоо жана өнүгүү болуп эсептелет. Бүгүнкү күндөгү С. о.-жнүн борбордук пункту ядролук согушка жол бербөө, куралдык атаандаштыкты токтотуу, куралсыздандыруунун  зарылдыгы жана мүмкүндүгү болуш керек. Элдер күч колдонбогон дүйнөнүн, коопсуздуктун жалпы системасын курууда  биригиши керек. Ядролук коркунуч менен катар алдыңкы планга экологиялык коркунуч чыкты. Аны жеңүү үчүн тез  жана эффективдүү биргелешкен аракеттер керек. С. о.-ж-де жашоонун жалпы баалуулук идеясы зор мааниге ээ. Андан  башка маанилүү болуп адамды улуттук жана дүйнөлүк саясаттын чордонуна коюу зарылчылыгы; адам эркиндиги жана  укуктары гарантияланышы эсептелет. Бүгүнкү күндөгү С. о. ж. – бул процесс. Анын негизги жоболору дүйнөдө болуп  жаткан өзгөрүүлөрдөн эсеби менен ар дайым тактоону жана өнүгүүнө талап кылат. Анын талаптары менен саясий  процесске катышуучу тараптардын бардыгы жетектелүүсү зарыл; С. о.-ж-нүн демократтык принциптерин саясий аңсезимдин туруктуу элементине жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын платформасына айлантуу, анын илимий  негизделишин жана практикалык чындыгын жогорулатуу маанилүү болуп эсептелет. С. о.-ж-нүн бул принциптери жана  талаптары менен жетектелген мамлекеттер – дүйнөлүк коомчулуктун мүчөлөрү эл аралык чыңалууну жумшартуу,  «кансыз согушту» токтотуу боюнча, чыныгы куралсыздандыруу, бир катар куралдуу конфликттерди токтотуу  багытында маанилүү натыйжаларга жетишти. Бирок дүйнөлүк саясаттын көптөгөн ири проблемалары дагы эле чечиле  элек коомдук прогрессти камсыз кылууда жана тынчтыкты бекемдөө боюнча ишмердүүлүктү активдештирүү  зарылчылыгы бар.