САЯСИЙ РЫНОК

САЯСИЙ РЫНОК – мүмкүнчүлүк-төрдүн рыногу; анда өздүк спецификалык товарлар: бул же тигил саясий чечим  менен байланышкан, мүмкүн болгон пайдалар менен артыкчылыктар өтөт. С. р-то сатуучулар болуп саясий бийликти  алып жүрүүчөлөр чыгышса, сатып алуучулардын ролунда – шайлоочулар чыгат. С. р-то шайлоочуларга алардын  каалоосуна, суроо-талабына ылайык товарларды даярдоого мүмкүндүк берет. С. р-тогу саясий мамилелердин жогорку  деңгээли камсыз кылынган коомдун өкүм сүрүүсүнүн шарты болуп чыгат. С. р-тун текшерилген куралдары: саясий    субъекттердин өз алдынчалыгы жана көз карандысыздыгы, алардын бири да саясий аренада монополдук абалга ээ эмес;  алардын бирине-бири мамилелерин жана ишмердүүлүгүн тескөөчү, ар бир деталы иштеп чыгарылган нормалар  системасы менен камсыз болгон саясий субъекттердин тең укуктуулугу; саясий субъекттердин ортосунда консенсусска  жетүү үчүн негиз катары баалуулуктардын коомдук системасы. Кыргыз Республикасында С. р. өзүнүн түзүлүү,  калыптануу мезгилин өтүүдө. Саясий рекламанын ролунун кескин жогорулашы азыркы мезгилдин мүнөздүү  белгилеринен болуп калды. Массалык маалымат каражаттары, биринчи кезекте телекөрсөтүү жана радио кеңири  колдонулуп, коомдук ой-пикирди сурап-билүүлөр, ар кандай социологиялык изилдөөлөр дайыма жүргүзүлүүдө.