СЕНЕКА Луций Анней

СЕНЕКА Луций Анней (б. з. 4-65) — Рим философу ж-а жазуучусу, стоицизмдин өкүлдөрүнүн бири. С. адамдагы негизги нерсе — рухий, моралдык касиети, сапаты, чыдамдуулук, камырабастык, боорукерлик, өлүмдөн коркпоо, тышкы жыргалчылыкка ыктабоо деп эсептейт. Кудайдын табияты м-н адамдын жанынын биригиши (ал кул м-н мырзанын ортосунда да болушу мүмкүн) — ойдогудай жыргалчылыкка жетүүнүн негизги шарты. Рухий тең укуктуулукту таануу м-н катар. С. адамдардын социалдык абалындагы айырмачылыктарды да моюнга алат ж-а ошондуктан өкүм сүрүп жаткан тартипке да келишүүчүлүк м-н мамиле кылат. С. идеясы христиан дининин калыптанышына зор таасирин тийгизген. Энгельс: «Филонду христиан окуусунун атасы деп эсептей турган болсок, анда анын «агасы» Сенека болгон. «Жаңы осуяттын» («Новый завет») айрым жерлери анын чыгармаларынан сөзмө-сөз көчүрүп алынгандай туюлат» — деп жазган.