СИЛЛОГИЗМ

СИЛЛОГИЗМ (гр. sollogismos — эсептеп, санап чыгуу), эки ойдон үчүнчүсүн — корутундуну чыгаруучу логикалык дедуктивдүү (жалпыдан жекеге келүүчү) ой корутундусу. С-дин негизги жобосу катары төмөнкү төрт тыянак алынат: жалпы ырастоочу («Бардык S — бул Р»), жалпы тануучу («Бир да S — бул Р эмес»), жеке ырастоочу («Айрым S — бул Р»), жеке тануучу («Айрым S — бул Р эмес»). Мында — S (субъект) — сөз болуп жаткан нерсе, Р (предикат) — сөз болуп жаткан нерсенин белгиси. Туура түзүлгөн С. үч терминден турат: 1) кичине термин (S) — корутундунун субъектиси; 2) чоң термин (Р) — корутундунун предикаты; 3) орто термин (М) — эки ойго катышып, корутундуга катышпайт. С-де үч гана термин болуш керек, төртүнчүсү — ашыкча. Мис., «Бир да кит (М) — бул балык (Р) эмес; бардык киттер (М) балыктар түрүнө (S) кирет; Демек, айрым балык түрүндөгүлөр (S) — бул балык (Р) эмес». С-дин аксиомасы: «Жалпыда ырасталган (танылган) нерсе салыштырмалуу түрдө анын жеке бөлүкчүлөрүндө да ырасталат (танылат)».