СИМВОЛ

СИМВОЛ (гр. symbolon — белги) — илимде (математика, логика, ж. б.) ж-а искусстводо шарттуу белги дегенди туюнтат. Искусстводо көркөм образ түзүү каражаты катары келип, турмуш чындыгын, көрүнүштөрүн кыйыр метафоралык салыштыруулардын жардамы м-н берүүчү эстетикалык универсал категория. Көркөм адабиятта С. троптун бир түрү. Сүрөттөөчү м-н сүрөттөлүүчү нерселердин ортосундагы окшоштукту ачып берүүгө кызмат кылат. Мис., Манас-баатырдыктын, эли-жерин сүйүүнүн, Бакай- даанышмандыктын символу десек, аккептер-тынчтыктын, бүркүт-көрөгөч акылмандыктын символу. С. образды ачып берип, чыгарманын бүткүл духун туюнткан учурлар да болот. Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалиминде» кош терек — Дүйшөн м-н Алтынайдын сүйүүсүн, алардын ички жан дүйнөсүндөгү жакындыкты, бийиктикти туюнткан символ. С. ошол эле элдин коомдук-саясий турмушунда, өндүрүш тармактарында ж. б. колдонулат. Алсак, мамлекеттик символдор (желек, герб, ж. б.), медициналык (приборго (бокал) оролгон жылан), юридикалык (калкан, кылыч) ж. б. С-дор.