СИМВОЛИКАЛЫК ИНТЕРАКЦИОНИЗМ

СИМВОЛИКАЛЫК ИНТЕРАКЦИОНИЗМ (кара: интеракционизм;) — көңүлдүн борборун социалдык карым-катнаштардын символикалык мүнөзүн талдоого топтогон азыркы социологиядагы ж-а социалдык психологиядагы теориялык-методологиялык багыт. С. и-дин өкүлдөрү өз ара карым-катнаштын башкы символикалык «медиуму» болгон тилди талдоого өзгөчө көңүл бурушат. С. и-ди негиздеген — Дж. Г. Мид. С. и. андан сырткары Ч. Кули, Дж. Болдуин, У. Томас (АКШ), ж. б. идеясына таянат. С. И-ге, өзгөчө чикаголук мектепке, социалдык процесстеги коом м-н табияттын өз ара байланыш себептерин тануу (индетерминизм), социалдык процесстин катышуучуларынын иш аракеттерин дайыма алдын-ала аныктоого болот, социалдык көрүнүштөрдү иштеп чыгууга, өзгөртүүгө толук мүмкүн деген көз караш мүнөздүү, тактап айтканда алардын ою боюнча, дүйнө-социалдык тектен келип чыккан. С.и. өкүлдөрү коомдук турмуштун материалдык себептерин талдоодон баш тартышкандыктан, ырааттуу теориясын жарата алышкан жок. Бирок жеке адамдын өсүш кыймылы ж-а түзүлүшү, социалдык мамилелердин микропроцесси тууралуу изилдөөлөрү, белгилүү даражада, кызыгууларды жаратат.