СИММЕТРИЯ

СИММЕТРИЯ (гр. symmetria — өлчөмдөш) — борбордун же ортоңку чийиндин эки жагына жайгашкан бөлүктөрдүн өлчөмүнүн бири-бирине дал келиши, бирдейлиги. Ошондой эле ар-түрдүү нерселердин ж-а кубулуштардын, процесстердин алардын составы, түзүлүшү м-н байланыштуу болгон өзгөчөлүгү. С. көбүнчө геометриялык элементтерге (сызык, чекит, тегиздик) белгиленет. С-нын төмөнкүдөй түрлөрү бар: октуу же аксиаль симметриясы (медуза, флокстун гүлү), тегиздиктеги ж-а октуу же актиноморф С-сы (көпөлөк), чекиттүү же көп октуу (радиоляриялар), эки жактуу же билатэраль симметриясы (куш, киши, омурткалуулар) Табиятта ассимметриялуу (мис., көптөгөн өсүмдүктөрдүн жалбырактары), дисимметриялык биообъектилер 20-к-дын 70-жылцарында ургаалдуу изилденген. Биообъективдин С-сы ж-дөгү окуунун пайда болушу алардын касиеттери ж-а кызматы тууралуу, ошондой эле тиричиликтин келип чыгышы ж-а мааниси ж-дөгү түшүнүктөрдү тереңдетүүгө мүмкүндүк берет. Азыркы кезде табият таанууда С-нын мааниси чоң.