СИНАПС

СИНАПС (гр. synapsis — байланыш, биригүү) — кыймылдуу абалдагы клеткалардын ортосундагы сигналды өзгөртүү ж-а бири-бирине өткөрүү кызматын аткаруучу атайын байланыштын түрү. Аткарган кызматы боюнча С. козголтуучу (клетканын иштешин күчөтүүчү) ж-а басаңдатуучу болуп экиге бөлүнөт. С. бул синапс жылчыгы м-н бөлүнгөн синапстын учунан ж-а анын тушундагы мембранадан турат. Алардан байланышы химиялык, электрдик же электр-химиялык жол м-н жүрөт. С-тын учуна медиаторлорго толгон ыйлаакчалар жайгашкан. Нерв импульсу С-тын учуна жетип, андагы мембрананын электр кубатын өзгөртөт анан кальций иондорунун өткөргүчтүгүн көбөйтөт да, ыйлаакчалардан жылчыкты көздөй медиаторлор бошоп чыгып, алар С-тын учуна тушташ жайгашкан мембранага таасир этет. Электр механизмдүү синапстарда синапс абдан тар, жылчыгы жок болгондуктан, ток синапстын учунан анын тушундагы клеткага түз таасир этет. Мындай С-тарда кичине молекулалуу бирикмелерди клетканын цитоплазмасынын биринен экинчисине өткөрүүчү каналдар болот.