СИНЕРГЕТИКА

СИНЕРГЕТИКА — өзүн-өзү уюштуруунун азыркы учурдагы жаңы теориясы. «Баш аламандык м-н тартипке салынуу» (Пригожин) аркылуу калыптануучу процесстерди, убакыттын артка кайтпастыгын, тең салмаксыздыкты изилдөөчү ж-а өзгөрүлмөлүүлүктү, туруксуздукту эволюциялык процесске мүнөздүү негизги көрүнүш катары караган жаңы көз караш. С. философияда мурда калыптанган: илимий теорияларды түзүүдөгү кокустуктардын анча роль ойнобостугу; ири социалдык процесстердин ишке ашышына жеке иш- аракеттин анча таасир эте албастыгы — өңдүү, ж. б. түшүнүктөрдү жеңип; төмөнкүдөй негизги жоболорун тартуулайт: а) татаал түзүлүштөгү системанын эволюциялык өнүгүү жолдорун алдын-ала башкарууга же жолго салууга дээрлик мүмкүн эмес, сөз алардын өзүн-өзү башкаруу аркылуу өнүгүшү ж-дө гана болушу мүмкүн; б) жаңы уюштуруучу формаларды түзүү үчүн баш аламандыктын жаратуучулук күч-кубатынын өзү жетиштүү; в) кайсы гана татаал система болбосун, анын өнүгүшүнө бир жактуулук мүнөздүү эмес; г) бүтүндүк ж-а анын бөлүктөрүнүн суммасы (кошулмасы) — сапаттык жактан ар башка составы, алардын арифметикалык суммасын алууга мүмкүн эмес; д) туруксуздук-туруктуу ж-а жандуу өнүгүштүн бирден-бир шарты ж-а өбөлгөсү, ошол система гана өзүн-өзү уюштурууга жөндөмдүү; е) дүйнө ар түрдүү оош- кыйыштардын баскычтарынан турат, ж.б. С-ны эволюциялык өнүгүүдөгү өзгөчө аң-сезим катары, III миң жылдыктагы жаңы илим деп эсептешүүдө.