СИНТЕЗ

СИНТЕЗ (гр. synthesis — биригүү, айкашуу, түзүлүү) — тажрыйбалык иш-аракеттерде да, таанып-билүү процессинде да, ишке ашырала турган, нерсенин түрдүү жактарынын ж-а элементтеринин (бөлүктөрүнүн) бир бүтүндүккө биригүүсү. Мында С. аны м-н тыгыз байланышта турган анализге (нерсени аны түзүүчүлөргө ажыратуу) карама-каршы келет. Жалпысынан алганда, С. жеке гана адамдардын ишмердигинин негизине тиешелүү болбостон, өзүнүн элементардык формаларында жаныбарлардын жүрүм- турумун да аныктайт, а өзүнүн ар кандай техникалык ишке ашырылыштары б-ча ЭЭМдин программаларында, өзүн-өзү уюштуруучу системаларда колдонулат. Адамдын жүрүм-турумунун физиологиялык негизи мээнин аналитикалык-синтетикалык ишмердиги болуп, эсептелет. С. ой жүгүртүү операциясы катары объектини түзүп турган нерселердин бөлүктөрүнө көз каранды эмес ж-а тарыхый жактан адамдардын коомдук-өндүрүштүк ишмердикгинин процессинде түзүлөт. С. таанып-билүү операциясы болгондуктан, көптөгөн формаларга ээ. Бардык түшүнүктөрдүн жаралыш процесси анализ ж-а С. процессинин биримдигине негизделген. Тигил же бул объектини изилдөөнүн тажрыйбалары теориялык жалпылоолордо синтезделет (бириктирилет).