СИСТЕМАЛЫК МАМИЛЕ

СИСТЕМАЛЫК МАМИЛЕ, Ырааттуу байланыш мамилеси (гр. бөлүктөрдөн түзүлгөн, бириктирилген) изилденүүчү нерсени (объект) белгилүү бир ыраатта (системада) караган атайын — илимий таанып-билүүнүн ж-а социалдык турмуштун методологиялык багыты. С. м. адатта, өз ара бири-бири м-н байланышкан элементтердин биримдиги ж-а бүтүндүгү түшүндүрүлөт, белгилүү структурага ээ. С. түшүнүгү антикалык доордо ой жүгүртүү ж-а билимди уюштуруунун жалпы принциптеринде философиялык изденүүлөр катары пайда болгон. Платон: «Бир бүтүн нерсе бир эле мезгилде бүтүндүк жана бөлүкчөлөр да, биримдик жана көптүк да…» — деген. Анын ою боюнча, көптүктүн биримдиги гана таанып — билүүнүн бутасы боло алат. С. 19-к. чейин таанып-билүү — методологиялык мааниге ээ болсо, 19-к. баштап онтологиялык ж-а натуралисттик көз караш пайда болгон. Анда ырааттуулук С. — нерсени таанып-билүү касиети, ал эми билимдин ар түрдүү катмарларынын ортосундагы байланыш-нерсенин өзүндөгү байланыштардын гана катталышы деп каралат. Бул байланыштар материалдуубу? Элемент деп эмнени эсептөөгө болот? Ырааттуу байланыш өзгөрүп — өнүгөбү? Ырааттуулуктун С. тарыхый окуя, өнүгүштөр м-н кандай байланышы бар?, ж. б. суроолор пайда болгон. 20-к. инженердик ыкма ж-а технологиянын өнүгүшү Ыраатуулук байланышты өздөштүрүүнүн жаңы жолдорун ачты. Азыр Ыраатуулук байланыш жөн гана изилденбейт, а долборлонот, түзүлөт. Ошол эле кезде уюштуруу — башкаруу маселелерин да чечет. Система термини кесипчиликтин бардык тармактарында колдонулууда. Тарыхый жактан С.тууралуу эки көз караш калыптанды: 1) Онтологиялык же натуралисттик (элементтер, байланыш, структура — нерсенин өзүндөгү «табигый» касиеттердин чагылышы). 2) Таанып-билүүчүлүк — методологиялык (ырааттуулук нерселердин, көрүнүштөрдүн өзүндөгү касиеттер аркылуу эмес, белгилүү бир максатты көздөгөн иш-аракеттер, ой жүгүртүүнү уюштуруу аркылуу ишке ашат). Салттуу көз караш боюнча Ыраатуулук байланыштын касиети, бүтүндүгү, ички биримдиги анын түзүлүшү (структурасы) аркылуу аныкталат.