СКЕПТИЦИЗМ

СКЕПТИЦИЗМ (гр. skeptikos — кароочу, иликтөөчү) — объективдүү дүйнөнү таанып билүү мүмкүнчүлүгүнө шек саноо м-н караган философиялык багыт. Бир нерсени ишке ашыруу, мүмкүнчүлүгүнө ишенбей, сын көз м-н кароо. С. Грецияда б. з. ч. 4-к. пайда болгон. (Пиррон, Энесидем, Секст-Эмпирик, Аркессилай, Карнеад). С-дин ашынган түрү — агностицизм. Анын өкүлдөрүнө И. Кант, О. Юм ошол эле азыркы учурдагы айрым буржуазиялык философтор кирет. Коомдук турмуштун тажрыйбасы объективдүү чындыкка жетүүгө мүмкүн экендигин далилдейт. Орто кылымдык идеология ж-а чиркөө м-н буржуазиялык философиянын күрөшүндө (М. Монтень, П. Шаррон, П. Бейль) прогрессчил роль ойногон. Скептиктер акыл-эс, билимдин күчүн, ар- кандай жараткандыкты, кыймылды танышкан.