СОЛТОНОЕВ Белек Солтонкелди уулу

СОЛТОНОЕВ Белек Солтонкелди уулу (1878–1938) – кыргыз тарыхчысы, адабиятчы жана акын. Чоң Кемин өрөөнүндө  жашаган Аюке уругунан. 7–8 жашында кат тааныган. Караколдо 3–4 ай орус мектебинде, багбандарды даярдоочу  Пишпектеги кыргыз мектебинде 2 жыл окуган. 1890-ж. тарыхка кызыгып, уламыштарды, санжыраларды угуп, мусулман  жана жана орус тарыхчыларынын эмгектери менен таанышкан. 1894-ж. Атаке болуштугунда катчы болуп турган. 1895-  ж. кыргыздын санжырасын жана жазма маалыматтарын чогултуп, изилдей баштаган. 1916-ж. Атаке болуштугунун  болушу болуп шайланган. «Үркүндө» Кытайга качып барып, 1917-ж. кайра келген. 1918–20-ж. Алматы калаасы тарапта  Кеңеш өкмөтү үчүн үгүттөө иштерин жүргүзгөн. 1924-ж. чейин Түндүк Кыргызстанда элдин сабатсыздыгын жоюу  (ликбез) уюмдарында иштеген. 1924-ж. «Үркүндөн» кайтпай калган кыргыздардын ал-абалын билүү жана алардын өз  жерине кайтышына көмөктөшүү үчүн Чыгыш Түркстанда (Кулжа шаарында) болгон, ошол эле учурда кыргыздардын  тарыхы боюнча маалыматтарды чогулткан. 1927–37-ж. Кыргыз АССР Комиссарлар Советинде илимий кызматтарда  иштеген. Жазыксыз жерден камалып атылган. 1955-ж. акталган. «Кызыл кыргыз тарыхы» (башка аты «Кыргыз-казак  тарыхы») анын негизги эмгеги болуп саналат. Бул эмгектен кыргыздардын саясий тарыхы боюнча көптөгөн  маалыматтарды алса болот.