Сорбонна — Франциянын эң беделдүү университети

Бир канча кылымдардан бери Франциянын эң кадыр-барктуу, беделдүү университети болуп Сорбонна саналат. Бул мыкты окуу жайда Мария жана Пьер Кюри, Андре Бретон жана Марина Цветаева ж.б. белгилүү адамдар билим алышкан. Университеттин тарыхы 800 жылды чапчыйт, алгач жөн гана колледж катары иш алып барган. Тез убакыттын ичинде университеттин факультетине айланган. Так ушул жерде Париждеги алгачкы типография жана атайын ылайыкташтырылган китепкана ачылган.


XVII кылымда университет Франциялык төңкөрүшкө байланыштуу аз убакытка жабылган. Бир канча кылымдардан кийин Сорбоннанын имаратын жаңылап жана кеңейтип куруп чыгышкан. Азыр болсо көптөгөн аудиторияларды, лабораторияларды камтыган чоң окуу жайы. Жанында эки музей жана эң көп жыйнагы бар китепкана орун алган.

Бүгүн Сорбонна (la Sorbonne) башка европалык университеттерден окутууну орто кылымдык стандарттарга максималдуу  түрдө жакын  алып баруусу менен айырмаланат. Студенттер негизги убактысын илимий жана алгачкы булактардан алынган адабияттарды окуу менен өткөрүшүп, калган убактыларын лабораторияда иш алып барышат. Окутууда негизги басым студенттин өз алдынча иш алып баруусуна көңүл бурулат.

Сорбоннада чет өлкөлүк студенттер үчүн да орундар каралган. Бул окуу жайда окуу көпчүлүктүн чөнтөгүнө дал келет, себеби бул жердин студенттери жылына 250-1000 евро төлөшөт. Чет өлкөдөн келген студенттерге стипендиялар жана жеңилдиктер каралган. Бирок бул окуу жайда окуу үчүн бир топ аракет кылыш керек, анткени, каалоочулардын көптүгүнөн француздарга-өзүлөрүнө да орун жетпей калат.

Бул жака кантип тапшырса болот? Алгач, бакалавр боюнча аттестат же орто билим тууралуу аттестат талап кылынат. Тең шарттарда, ким француз тилин жакшы билген болсо ошол адамга артыкчылык берилет. Бул үчүн оозеки аңгемелешүү жүрөт, жана мунун жыйынтыгында кандидаттардын саны кескин түрдө азаят.  Андан кийин окуу үчүн билдирме, студенттик визаны жасалгалоо, жана Франция өкмөтүнөн стипендия алууга документтерди өткөрүү гана калат.