СОТ БИЙЛИГИ

СОТ БИЙЛИГИ – мамлекеттик бийликтин бир бутагы. Бийликти бөлүштүрүү принцибин ишке ашыруунун зарыл  шарты. Бийликтин калган эки бутагынын келишип кетишине жол бербөө, диктатуранын же авторитардык саясийрежимдин пайда болушуна тоскоолдук кылуу С. б-нин негизги иши. Конституциялык түзүлүштү сот тарабынан коргоо  системасы кийин гана пайда болуп, бүгүнкү күндө өзүнүн калыптануу мезгилинде жана ал көптөгөн мамлекеттердин  тажрыйбасы менен толукталууда. С. б. боюнча бир катар өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасынан: Дүйнөлүк  практикада конституциялык көзөмөлдү үч түрдүү органдар ишке ашырышат: Жогорку Сот баш болгон жалпы соттор;  конституциялык соттор; Конституциялык көзөмөлдү жалпы соттор жүргүзгөн өлкөлөрдүн катарына: АКШ, Австралия,  Индия, Канада ж. б. кирет. Бул система өтө ишенимдүү, чоң гарантияларды берсе да, анын иши өтө узак жана татаал.  АКШнын Жогорку соту пайда болгондо эле мамлекеттик бийликтин бир бутагы катары чыгып, конгресстин жана  штаттардын мыйзам чыгаруучу жыйындарынын мыйзамдарынын конституцияга дал келүүсү боюнча акыркы  чечимдерди кабыл алып турган. 1789-ж. баштап, эки жүз жылдын ичинде кабыл алынган 85 миң мыйзам актыларынын  ичинен 127 федералдык мыйзамдар жана 950 штаттардын мыйзамдары Жогорку Сот тарабынан антиконституциялык  деп табылган. Юридикалык жактан Жогорку соттун чечимдери биротоло деп эсептелип, кайра каралууга тийиш эмес.  Ушул маанисинде АКШнын Жогорку соту прогрессивдүү реформаларды ылдам жүргүзүүгө тоскоолдук кылышы да  мүмкүн. Францияда конституциялык көзөмөлү 1958-ж. түзүлгөн, составы тогуз кишиден турган, тогуз жылга шайланган  Конституциялык кеңеш ишке ашырат. Парламенттин палаталарынын регламенттери, адам укугун жана эркиндигин  ишке ашыруу максатындагы мыйзамдар милдеттүү түрдө көзөмөлгө алынат. Конституциялык Кеңеш  ратификацияланууга тийиш болгон эл аралык келишимдерди алдын ала карап чыгат, Республиканын президентин  шайлоолорго жана рефередумдарды өткөрүүдө көзөмөл жүргүзөт. АКШнын Жогорку Сотунан айырмаланып,  Франциянын конституциялык кеңеши мыйзамдарды өз алдынча жокко чыгара албайт. Мамлекеттик кеңеш аркылуу  аракет кылат. Көзөмөлдөө милдетин Италияда 1953-ж. бери жашап келе жаткан Конституциялык сот ишке ашырат.  Анын милдети – граждандардын аң-сезимине бийликтин алдында коргоо сезимин кийирүү. Россияда С. б-нин  конституциялык, граждандык, административдик, уголовный соттор жүргүзүшөт. Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 79-статьясына ылайык, С. б-н Конституциялык сот, Жогорку сот жана Жогорку Арбитраж соту жана  жергиликтүү соттор жүргүзүшөт. Өзгөчө атайын сотторду жана соттук кызматтарды түзүүгө жол берилбейт.  Конституциялык соттун судьялары Президенттин сунушу менен Жогорку Кеңеште 15 жылга шайланат. Конституциялык  соттун чечими акыркы чечим болот жана даттанууга жатпайт (80-статья).