СОЦИАЛДЫК АРАЛЫК

СОЦИАЛДЫК АРАЛЫК (Дистанция социальная) (лат. distantia — аралык) — социалдык топтор м-н адамдардын жакындыгынын же алыстыгынын даражасын мүнөздөөчү түшүнүк. Батыш социологиясында С. А-ты талдоого алуу биринчи жолу Зиммель, Парк ж-а Берджас тарабынан жүзөгө ашырылган. С. а-ты ички ж-а тышкы деп бөлүштүрүүгө болот; тышкы аралык улуттар, таптар, социалдык топтор ортосундагы аралыктарды мүнөздөсө, ичкиси топтордун мүчөлөрүнүн ортосундагы аралыкка тийиштүү. С. а-тын горизонталдуусун ж-а вертикалдуусун да айрымалай билүү зарыл. Эгерде горизонталдуу С. а. коомдук өнүгүүнүн бирдей деңгээлинде турган топтордун ортосундагы С.а-тын деңгээлин билдирсе, вертикалдуусу- топтордун, тайпалардын социалдык иерархиясындагы айырмачылыктарды мүнөздөйт. С. а. кызмат даражасынын, абройдун, мартабанын артүрдүү деңгээлдеринде көрүнөт.