СОЦИАЛДЫК САНКЦИЯ

СОЦИАЛДЫК САНКЦИЯ, социалдык таасир этүү чаралары — айрым социалдык топтордун (коом, эмгек жамааты, коомдук уюмдар, компаниялар, ж. б.) социалдык жактан карманган чен- өлчөм, баалуулуктардан четтеген оң же терс жүрүм-турумдарга жасаган мамилеси. С. с. сыйлоо же жазалоо түрүндө болуп, жеке адамдын жалпы ишке катышуусуна түрткү берет да, иш-аракетти үзгүлтүксүз жүргүзүүгө, жамааттын ынтымагын камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Рим укугунда «санкция» термини юридикалык тартип бузгандыгы үчүн берилүүчү жазаны билдирген. Жеке адамга колдонулуучу чаралары жагынан С. с-нын күч колдонуу (уруп-согуу, эркинен ажыратуу, өлүм жазасы), экономикалык (сыйлоо, айып салуу, мүлкүнөн ажыратуу), символдук (сүйүү белгиси, урматтоо же жек көрүү, баалоо) түрлөрү кездешет. С. с-нын туура эмес жүрүм-турумга тыюу салуучу «терс» түрү ж-а жакшы жакка багыт берүүчү «оң» таасирлери көп тараган. С. с. мурда белгиленген чен-өлчөмдөр (устав, мыйзам, жобо) аркылуу, атайын өкүлдөр аркылуу жүргүзүлсө, анда ал формалдык же «белгиленген тартип боюнча» деп аталат. С. с. туура эмес колдонулса, тескери натыйжа бериши мүмкүн. Бул же тигил С. с-нын пайда болушу же натыйжалуулугу конкреттүү тарыхый шартка байланыштуу ж-а ал ордуна, мезгилге ылайык чечилиши зарыл.