СОЦИАЛДЫК СИСТЕМА

СОЦИАЛДЫК СИСТЕМА — өзүнүн табияты боюнча социалдык өзгөчөлүктөргө ээ, өз ара ар түрдүү байланыш ж-а карым-катнаштар аркылуу бириккен, айрым адамдарды ж-а социалдык топторду өз ичине камтыган татаал түзүлүштөгү, ирээттүү биримдик; узак убакыттар бою биримдикте, жакын жашашкан адамдардын тобу; так аныкталган социалдык түзүлүшкө ээ уюм; этностук же улуттук жалпылык, мамлекет же өз ара карым-катыштагы мамлекеттердин тобу, ж. б. айрым коомдук түзүлүштөр. Мис., коомдук, илимий, саясий, экономикалык же укуктук системалар ж. б. Ар бир С. с. ага кирген жеке адамдардын ж-а топтордун иш-аракетин аныктайт, белгилүү бир кырдаалда айланасындагыларга бирдиктүү, бир бүтүн нерсе катары мамиле жасайт. Материалисттик көз караштан алып караганда, С. с-лардын жаралып, өнүгүшү, алмашылышы табигый-тарыхый процесс. Тарыхтын өнүгүү жолунда, айрым өлкө-лөрдүн ортосундагы соода, экономикалык, саясий, маданият байланыштардын күчөшү аркылуу адамдардын өз ара социалдык мамилеси байыйт ж-а дүйнөлүк С. с-да узакка созулган, карама-каршылыктуу, татаал процесс жүрөт.